Кыргызстан боюнча акча которуулар

Компаньонго которуулар

Компаньон мобилдик тиркемесиндеги телефон номери аркылуу Кыргызстан ичинде ошол замат акча которууларды ишке ашырыңыздар. Керек болсо катталбаган колдонуучуларга дагы!

 КОТОРУУНУ КАНТИП ЖӨНӨТҮП ЖАНА АЛУУГА БОЛОТ?

Которууну жөнөтүү үчүн:

1. Компаньон тиркемесин жүктөп алыңыз.

2. Каттоодон жана аралыктан идентификациядан өтүңүз.

4. Тиркеменин башкы бетинен "Компаньонго которуулар" тандаңыз.

5. Ачылган терезечеде алуучунун телефон номерин терип же контакттар тизмегинен табуу зарыл.

 

6. Которо турган акча каражатынын суммасын жазыңыз жана акча алына турган картаңызды же электрондук капчыгыңызды тандаңыз. Акча каражатын эсептен чыгаруу үчүн электрондук капчык, эсептөө эсеби жана Компаньон Банкынын карталары жеткиликтүү.

7. Андан кийин “Төлөө” деген баскычты басуу зарыл.

8. Эгерде алуучуда Компаньон мобилдик тиркемеси жок болсо, кардар "Абонент" талаасында төмөнкү билдирүүнү көрөт:

"Бул абонентте Компаньон мобилдик тиркемеси жок. Которууну алуу үчүн абонент тиркемени орнотуп, идентификациядан өтүшү керек"

  

9. "Ырастоо" баскычын басып, жөнөтүүнү ырастаңыз жана акча каражаты сиздин эсебиңизден чегерилет.

8. Компаньон мобилдик тиркемесине бөгөт коюлган алуучулар үчүн акча каражатын жөнөтүү мүмкүн эмес.

 

Компаньонго которуулар комиссиясы 0% түзөт. 

Которууну алуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

1.  Компаньон мобилдик тиркемеси жок акча каражаттарын алуучулардын телефон номерине тиркемени жүктөө шилтемеси жана которулган каражат келип түшкөндүгү жөнүндө SMS-билдирүү келет.

Тексттин мазмуну: {которуучунун фамилиясы} Сизге {которулган сумма} сом суммадагы акча каражатын которду. Акча которууну алуу үчүн Компаньон Мобилдик тиркемесин орнотууну суранабыз. { Google Play же App Store го шилтеме } Которуу {72} саат жеткиликтүү.

2. Алуучу Компаньон мобилдик тиркемесин SMS-билдирүүдөгү шилтеме аркылуу өтүп, жүктөп алышы керек.

3. Каттоодон жана аралыктан идентификациядан өтүүсү зарыл.

4. Акча каражаты алуучунун электрондук капчыгына автоматтык түрдө которулат.

5. Эгерде 72 сааттын ичинде алуучу тиркемени жүктөп албаса жана идентификация менен каттоодон өтпөсө, каражат жөнөтүүчүгө кайтарылат.

 

Акча которууну кантип накталоого болот? 

Эсептен же мобилдик тиркеменин балансынан каражаттарды төмөнкү жолдор менен накталай алууга болот:

  • Компаньон Банкынын агенттери аркылуу-Кыргызстандын бардык аймактарында 2 000ден ашык түйүн.
  • Компаньон Банкынын каалаган кеңселеринин кассалары аркылуу.

Банк картасын ачкандан кийин, керектүү сумманы тиркеменин балансынан төлөм картасына которууга жана накталай берүүгө болот:

  • Компаньон Банкынын банкоматтарында жана Demir Bank достук түйүнүндө.
  • Кыргызстандын бардык банкоматтарында (30.06.2024 чейин комиссиясыз)

Шарттар: 

  • Бул которууну Компаньон Банкынын кеңсесинен алуу мүмкүн эмес, аны Компаньон мобилдик тиркемесинен гана алууга болот.
  •  Которууну жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Эгерде алуучу тиркемени жүктөп албаса жана каттоодон, аралыктан идентификациядан өтпөсө, которуу 3 күндөн кийин автоматтык түрдө кайтып келиши мүмкүн.
  • Маанилүү: акча каражаттарын жөнөтүүдөн мурун алуучунун телефон номерин кылдат текшериңиз.

 

Чектөөлөр*

1 транзакция/1 күн үчүн төлөмдөр боюнча максималдуу көлөм: 100 000 сом.

Төлөмдөрдүн жана которуулардын 1 айдагы максималдуу көлөмү: 100 000 сом.

Капчыктагы максималдуу калдык: 100 000 сом.

Компаньон мобилдик тиркемесиндеги чекти көбөйтүү үчүн, кардар банктын кеңсесине келип, бетме-бет идентификациялоодон өтүшү зарыл.

Толук маалыматты 88 00 номери боюнча Кардарларды колдоо кызматынан (мобилдик телефондон чалуу акысыз) же банктын кеңселеринен алууга болот. 

 "Компаньон мобилдик тиркемеси"