Банк кепилдиги
Банк кепилдиги – бул милдеттенмелерди аткаруунун эң майнаптуу жана ишенимдүү ыкмасынын бири болуп саналат.
«Компаньон Банкы» ЖАК төмөнкү банк кепилдиктеринин түрлөрүн сунуштайт:
- Сунуш кепилдиги (тендердик, конкурстук);
- Төлөмдү аткаруу кепилдиги;
- Аванс төлөмүн кайтаруу кепилдиги;
- Келишимди аткаруу кепилдиги.
Банк кепилдиктеринин артыкчылыктары:
- Банк кепилдиги мамлекеттик жана муниципалдык тапшырык ээлери үчүн товарларды жеткирип берүү (кызмат көрсөтүү) мүмкүнчүлүктөрүн берет;
- Банк кепилдиги контрагенттен товардык насыя алуу мүмкүнчүлүгүн берет, аткени банк кепилдиги бул милдеттенменин камсыздоочусу болуп калат;
- Банк кепилдиги товарларды жеткирип берүү (кызмат көрсөтүү) келишимине жараша акча суммасын төлөө мөөнөтүн банк кепилдигин берүү мөөнөтүнө узартуу мүмкүнчүлүгүн берет;
- Банк кепилдиги ташырык ээси жана аткаруучунун ортосундагы бардык болушу мүмкүн болгон тобокелдиктерди бөлүштүрөт;
- Банк кепилдиги мезгилдүү жана аванс төлөмдөрү менен байланышкан тобокелдиктердин тапшырык ээсин коргойт;
- Банк кепилдиги аткаруучунун негизги келишимде алдын ала каралган милдеттенмелерди аткаруу жөндөмүн күбөлөндүрөт;
- Банк кепилдигинин баасы насыя продуктыларынын баасынан төмөн.
Банк кепилдигин камсыздоо шарттары:
Кепилдикти камсыздоо үчүн комиссия |
Акча каражаттарынын/депозиттин барымта алдында 5000 сомдон баштап 8 500 000 сомго чейин – кепилдиктин суммасынан 0,6%, 8 500 001 сомдон баштап 21 000 000 сомго чейин - кепилдиктин суммасынан 0,4%. Кыймылсыз/кыймылдуу мүлктүн барымта алдында 5000 сомдон баштап 1 000 000 сомго чейин – кепилдиктин суммасынан жылдык 5%, 1 000 001 сомдон баштап 3 000 000 сомго чейин - 4%, 3 000 001 сомдон баштап 8 500 000 чейин - 3%. Минимум 2000 сом |
Кепилдиктин шарттарын өзгөртүү |
3000 сом |
Валюта |
Сом |
Кепилдиктин мөөнөтү |
Банк кепилдигинин мөөнөтү кепилдиктин милдеттенмелерди камсыздоо мөөнөтүнө байланыштуу |
Камсыздоо |
Акча каражаттары/депозит же кыймылсыз мүлк/кыймылдуу мүлк |
Кепилкаттын бланкы бир гана Банктын фирмалык бланкында даярдалат, Банктын ыйгарым укуктуу өкүлү тарабынан кол коюлат жана Банктын гербдик мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.
Эгер зарыл болсо, Бенефициардын расмий суроосу боюнча Банк банк кепилдигинин аныктыгын ырасташы мүмкүн.