Кыргызстан боюнча акча которуулар

Өз эсептер арасындагы которуулар

Өз эсептер арасында нак эмес акча каражатын которуу үчүн төмөнкү аракеттерди көрүү зарыл:

1. Тиркеменин башкы бетинде «Которуулар» бөлүгүн тандап же башкаруу тактасынын төмөнкү жагындагы «Которуу» баскычын басуу зарыл;

2. Ачылган бетте которуунун «Өз эсептер арасында» деген түрүн тандоо керек;

3. Ачылган «Которуунун параметрлери» терезечесинде төмөнкү реквизиттерди толтуруу зарыл:

  • «Эсептен» — эсептешүү/карталык эсеп тизмесинен тандалат. Акча каражаттары ушул эсептен которулат;
  • «Эсепке» — эсептешүү/карталык/депозиттик эсеп тизмесинен тандалат. Акча каражаттар ушул эсепке которулат;
  • «Которуунун суммасы» — тандалып алынган эсептешүү/карталык эсепке которулуучу сумма көрсөтүлөт;
  • «Комментарий» — которуунун багытын көрсөткөн кыскача баяндоо киргизилет.

4. Реквизиттерди сактоо жана көрсөтүлгөн эсепке акча каражатын которуу үчүн «Которуу» баскычын басуу керек;

5. «Операцияны ырастоо» деп ачылган терезечеде реквизиттерди текшерип, «Ырастоо» баскычын басуу керек;

6. Тастыктоону аткаргандан кийин, которуу тууралуу маалымат, ишке ашкан которуу операциясы үчүн опциялар тизмеси камтылган «Операция аткарылды», деген терезече ачылат.

Ошондой эле, которуу ишке ашкандан кийин, төмөнкү функциялар жеткиликтүү болот:

“Жышта сактоо” — берилген реквизиттер боюнча шаблонду түзүү жана сактоо.

“Квитанцияны көрсөтүү” — бул опцияны тандаганда ишке ашкан төлөмдүн квитанциясы ачылат.

 "Компаньон" мобилдик тиркемеси