Кыргызстан боюнча акча которуулар

Аты-жөнү боюнча которуулар

Кыргызстандын ичинде ылдам которууларды ишке ашырыңыз. Бул үчүн алуучунун аты-жөнүн гана билүү жетиштүү!

Которуулардын валютасы: KGS, USD, EUR, RUB.

*Чет элдик валютада которууну жөнөтүү жана алуу үчүн, алдын ала чет элдик валютада банктык эсеп ачуу зарыл.

КОТОРУУНУ КАНТИП ЖӨНӨТСӨ ЖАНА АЛСА БОЛОТ?

“Компаньон”  тиркемесинде акча которууну жөнөтүү жана алуу

“Компаньон” мобилдик тиркемеси аркылуу үйдөн чыкпастан, акчаны оңой жөнөтүңүз жана алыңыз.

 Которууну жөнөтүү үчүн: 

  1.  “Компаньон” тиркемесин жүктөө; 
  2. Аралыктан видеоидентификациядан өтүү;
  3. Эгер которуу чет элдик валютада жөнөтүлүп жатса, тиркемеден жөнөтүүгө чейин валюталык банктык эсеп ачуу зарыл. Мындан кийин бул эсепти толуктоо керек;
  4. Тиркеменин башкы бетинде “Которуулар” деген бөлүктү тандоо;
  5. Андан кийин которуунун “Аты-жөнү боюнча которуу” түрүн тандоо;
  6. “Которуунун параметрлери” терезечесинде реквизиттерди толтуруу керек:
  • Алуучунун аты, фамилиясы, атасынын аты;
  • «Которуунун валютасы» - көрсөтүлгөн которуунун валютасы тизмесинен тандалат;
  • «Эсептен» — тизмеден акча которуу жөнөтүлө турган эсеп тандалат (эсептешүү эсеби же электрондук капчык);
  • «Которуунун суммасы». 
  1. Андан кийин “Жөнөтүү” жана “Ырастоо” дегенди тандоо керек;
  2. Ырастоону жүргүзгөндөн кийин, “Операция аткарылды” деген терезече ачылат жана анда коду бар билдирүү чыгат. Аны алуучуга берүү зарыл.

Жөнөтүүчү которууну жиберүүдөн мурда, комиссиянын өлчөмүн көрөт.

Которууну алуу үчүн:

  1. “Компаньон” тиркемесин жүктөө
  2. Аралыктан видеоидентификациядан өтүү;
  3. Эгер которууну чет элдик валютада алуу керек болсо, алдын ала тиркемеде банктык эсеп ачуу зарыл;
  4. Тиркеменин башкы бетинде “Которуулар” дегенди тандоо керек;
  5. Андан кийин “Ата-жөнү боюнча которуу” дегенди тандоо зарыл;
  6. “Которууну алуу” деп ачылган терезечеде төмөнкү реквизиттерди толтуруу:
  • “Сыр коду” – жөнөтүүчүдөн келген сыр кодунун цифралары жана символдору көрсөтүлөт;
  • “Эсепке” акча каражаты которула турган эсептешүү эсеби же электрондук капчык тизмегинен тандалат;
  • "Которуунун валютасы" - көрсөтүлгөн которуунун валютасы тизмесинен тандалат.
  1. Андан кийин  “Ырастоо” баскычын басуу зарыл;
  2. Ырастагандан кийин, акча каражаты белгиленген реквизиттерге түшөт, ошондой эле которуу боюнча квитанцияны көрүү үчүн опция пайда болот.

Которууну кантип накталоого болот? 

“Компаньон” тиркемесинде эсептен же тиркеменин балансынан керектүү сумманы төлөм картасына которуп, накталоого болот:

  • Компаньон Банкынын же Demir Bank достук тармагынын банкоматтарынан;
  • Компаньон Банкынын каалаган кеңсесинин кассасы аркылуу.
  • Кыргызстандын бардык банкоматтарында (30.06.2024 чейин комиссиясыз)

Ошондой эле, тиешелүү сумманы эсептен же тиркеменин балансынан накталоо мүмкүн:

  • Кыргызстандын бардык аймактарындагы Компаньон Банкынын 2000ден ашык агенттери аркылуу. 

Аты-жөнү боюнча которуулар боюнча комиссия:

KGS: 30 000 сомго чейин - 30 сом, 30 000 сомдон жогору - которуунун суммасынан  0,1%.

USD: 400 USDге чейин- 0,4 USD, 400 USDден жогору-которуунун суммасынан 0,15%.

EUR: 335 EURго чейин-0,3 EUR, 335 EURдон жогору- которуунун суммасынан  0, 15 %

RUB: 30 000 RUBга чейин-30 RUB, 30 000 RUBдан жогору- которуунун суммасынан  0,15%. 

Жөнөтүүчү которууну тиркемеден жөнөтүүдөн мурда комиссиянын өлчөмүн көрөт.

Накталоо банктын тарифтерине ылайык.

Кошумча мүмкүнчүлүктөр

Эгер алуучуда «Компаньон» тиркемеси жок болсо,

Жөнөтүүчү акча каражатын «Компаньон» тиркемесинен жөнөтсө болот, ал эми алуучу аны Банктын каалаган кеңсесинен жөнөтүүчүдөн келген сыр сөз менен, аты-жөнүн айтып туруп, алып алат.

Эгерде жөнөтүүчүдө «Компаньон» тиркемеси жок болсо,

Жөнөтүүчү акча которууну Банктын кассаларынан аты-жөнү боюнча жибере алат, ал эми алуучу каражатты үйдөн чыкпастан, жөнөтүүчүдөн келген сыр сөз менен тиркеменин балансына алып алат.

Кенен маалыматты Кардарларды тейлөө кызматынанан 88 00 номери аркылуу (КРнын мобилдик операторлорунан чалуулар акысыз) же Банктын кеңселеринен алса болот.

 "Компаньон" мобилдик тиркемеси