Кыргызстан боюнча акча которуулар

“Компаньон” тиркемесине жана электрондук капчыктарга которуулар

Электрондук капчыкка нак эмес акча каражаттарын которуу үчүн, төмөнкү аракеттерди жасоо керек:

1. Тиркеменин башкы бетинде «Которуулар» бөлүгүн тандоо керек;

2. Ачылган бетте которуунун «Капчыкка» деген түрүн тандоо;

3. Көрсөтүлгөн электрондук капчыктардын ичинен керектүүсүн тандоо;

4. Ачылган «Которуунун параметрлери» терезечесинде төмөнкү реквизиттерди толтуруу керек:

  • «Эсептен» — эсептешүү/карталык эсеп тизмесинен тандалат. Акча каражаттары ушул эсептен которулат;
  • «Капчыктын номери» — акча каражаттары которула турган электрондук капчыктын номери көрсөтүлөт;
  • «Которуунун суммасы» — тандалып алынган электрондук капчыкка которулуучу акча каражатынын суммасы көрсөтүлөт.

5. Реквизиттерди сактоо жана көрсөтүлгөн электрондук капчыкка акча каражаттарын которуу үчүн “Которуу” баскычын басуу керек;

6. Ачылган «Операцияны ырастоо» терезечесинде  көрсөтүлгөн реквизиттерди тактап, “Ырастоо” баскычын басуу зарыл;

7. Тастыктоону аткаргандан кийин, которуу тууралуу маалымат камтылган «Операция аткарылды» терезечеси ачылат.

Ошондой эле, которууну ишке ашыргандан кийин, төмөнкү функциялар жеткиликтүү:

“Жышка сактоо” — берилген реквизиттер боюнча шаблонду түзүү жана сактоо;

“Квитанцияны көрсөтүү” — бул опцияны тандаганда ишке ашкан төлөмдүн квитанциясы ачылат;

“Автотөлөмдү жөндөө” — берилген реквизиттер жана колдонуучунун жөндөөсү боюнча автотөлөмдү түзүү.

 "Компаньон" мобилдик тиркемеси