Кыргызстан боюнча акча которуулар

Компаньон банкында чыгарылган картага жана каалаган банктын Элкарт картасына которуу

Нак эмес акча которууну банктык картага жөнөтүү үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо зарыл:

1. Тиркеменин башкы бетинде «Которуулар»  бөлүгүндө «Карты КР» тандоо керек;

2. Андан ары «Каалаган банктын ЭЛКАРТы» же «Компаньон» (Компаньон Банкында чыгарылган ЭЛКАРТ же Visa карталарына которуу үчүн) тандоо керек

3. Ачылган терезечеде төмөнкү реквизиттерди толтуруу:

  • «Эсеп» — акча каражаттары которула турган эсептешүү/карталык эсептен тандалат;
  • «Картанын номери» — акча каражатары которула турган банктык картанын номери көрсөтүлөт;
  • «Которуунун суммасы» — тандалган банктык картага которула турган сумма көрсөтүлөт.

4. Көрсөтүлгөн банктык картага акча каражаттарын которуу үчүн “Которуу” баскычын басуу керек;

5. Ачылган «Операцияны ырастоо» терезечесинде көрсөтүлгөн реквизиттерди тактоо жана “Ырастоо” баскычын басуу;

6. Тастыктоону аткаргандан кийин, которуу тууралуу маалымат камтылган «Операция аткарылды» терезечеси ачылат.

Ошондой эле, которууну ишке ашыргандан кийин, төмөнкү функциялар жеткиликтүү:

“Жышта сактоо” — берилген реквизиттер боюнча шаблонду түзүү жана сактоо;

“Квитанцияны көрсөтүү” — бул опцияны тандаганда ишке ашкан төлөмдүн квитанциясы ачылат;

“Автотөлөмдү жөндөө” — берилген реквизиттер жана колдонуучунун жөндөөсү боюнча автотөлөмдү түзүү.

 "Компаньон" мобилдик тиркемеси