Директорлор кеңеши

ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ

ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН ТӨРАГАСЫ

ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ

TBC Bankтын директорлор кеңешинин төрагасынын кеңешчиси

Вано Балиашвили банк ишмердигинде 25 жыл тажрыйбага ээ. Вано Тбилисси мамлекеттик университетинин инженерия жана экономика факультетинин бүтүрүүчүсү. Ошондой ал Европа менежмент мектебинин МВА квалификациясына ээ жана Джордж Вашингтон Университетинин (Грузия) долбоорлорду башкаруу боюнча магистри болуп саналат.

Эмгек жолун 1993-жылы бухгалтер катары баштап, кийин Грузиянын эң ири банктарынын бири - TBC Bankында башкы операциялык директор болгон Вано, карьералык баскычтын бардыгын басып өткөн.

Эффективдүү менеджмент, стратегиялык пландаштыруу жана инновациялардын аркасы менен Балиашвили башында турган TBC Bank Грузиянын банк секторунда алдынкы позициялардын бирин ээлеген. Учурда ал TBC Bankынын директорлор кеңешинин Төрагасынын (Өзбекстан) кеңешчиси жана аймактагы башка финансылык институттардын байкоочу кеңештеринин мүчөсү.

 

РОЗАННА САРКЕЕВА

РОЗАННА САРКЕЕВА

ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ

IJSCBank Ipak Yuli Банктын Байкоочу кеңешинин мүчөсү, Тобокелдик комитетинин төрагасы

Розанна банк иши, өнүгүп жаткан рыноктордогу энергиянын кайра жаралуучу булактары (жеке жана карыз финансылык мекемелер, долбоордук финансылоо үчүн энергиянын кайра жаралуучу булактары), институционалдык дараметти өнүктүрүү (стратегия, тобокелдик, аудит, персонал менен башкаруу) жана корпоративдик башкаруу чөйрөлөрүндө тастыкталган инвестициялык тажрыйбасы бар инвестиция боюнча эксперт болуп саналат.

Финансы жаатында 20 жылдан ашык иш тажрыйбага ээ болуу менен, ал өз карьерасын Кыргызстандын банк чөйрөсүндө алгач коммерциялык банкта, андан соң КРнын Улуттук банкында иштеп баштаган. Рединг (Улуу Британия) университетин банк ишинин магистри жана экономика илимдеринин доктору даражасы менен аяктагандан кийин, карьерасын финансы секторунда эл аралык деңгелде уланткан.

Ушул тапта ал ECCA и Energy Transition Europe в Triodos Investment Management (Нидерланды) финансы институттарынын инвестициялык топторун башкарат жана аймактык банктын байкоочу кеңешинин мүчөсү болуп саналат

 

ЧНАРА МАМАТОВА

ЧНАРА МАМАТОВА

ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ

USAID Kyrgyzstanда экономист

Чнара Маматова — финансылык сектордо жана мамлекеттик түзүмдөр менен иштөөдө мол тажрыйбасы бар экономист жана сертификацияланган финансылык аналитик. Чнара экономика, менеджмент жана эсеп боюнча Кыргыз улуттук университетин жана Бишкек эл аралык менеджмент жана бизнес мектебин аяктаган. Мындан тышкары Уильямс колледжинде “өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн макроэкономикасы” (АКШ) адистиги боюнча магистр даражасына ээ болгон. Чнара көптөгөн жылдар бою КР Президентине караштуу Башкаруу Академиясында сабак берүү менен бирге, комерциялык жана финансылык уюмдарды башкаруу жана USAID жана UNDP өңдүү эл аралык уюмдарда долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасына ээ. Ушул тапта Чинара USAID Kyrgyzstanда экономист болуп иштейт.

 

ЛЕВАН ТХЕЛИДЗЕ

ЛЕВАН ТХЕЛИДЗЕ

ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ

Тобокелчиликтерди башкаруу комитетинин төрагасы

Леван Грузиянын финансылык секторунда жана “TbilCreditBank”, “TBC-Bank”, “Standard Bank” (учурда Terabank), “Liberty Bank” сыяктуу банктарда 22 жылдан ашык иш тажрыйбасына ээ.

Леван экономист, андан тарта Операциялык директор, банктын Башкармасынын Төрагасынын орун басары өңдүү алдынкы позицияларды ээлеген. 2009-жылдын августунан 2010-жылдын июль айына чейин Беларус мамлекети, Минск шаарындагы Ch.I.U.P. “Forward Capital”да чет элдик экономикалык активдүүлүк боюнча эксперт болгон. Левандын иш таржрыйбасы банктын операциялык ишмердүүлүгү, эл аралык операциялар, казыналык, филиалдык тармак, ошондой эле бакнтардын карталык жана төлөм бизнесин башкарууну камтыйт.

Леван 1996-жылы Тбилисси эл аралык экономикалык мамилелер институтун АКШ жана Канада Экономикасы адистигин боюнча аяктаган. Андан кийин, Тбилисси билим берүү экономикалык институтунда Эл аралык экономикалык мамилелер адистиги боюнча билим алган, ал эми 2005-жылы Тбилиссидеги менеджмент боюнча Европа мектебинде магистр даражасына ээ болгон

 

МАЛХАЗ ДЗАДЗУА

МАЛХАЗ ДЗАДЗУА

ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ

ЭКОНОМИКА ИЛИМДЕРДИН ДОКТОРУ

Малхаз Дзадзуа микрокаржылоо тармагындагы эксперт, банк иши жана финансы, социалдык ишкердик жана коммерциялык эмес сектордо 27 жылдан ашык тажрыйбасы бар. 2004-жылдан бери жогорку бизнес кызматтарында, анын ичинде Грузиянын «Кристалл» деген алдыңкы микрофинансылык уюмунун башкы директору болуп 15 жыл иштеген. Малхаз ошондой эле БУУнун Глобалдык келишими, Социалдык натыйжалуулук боюнча жумушчу тобу, Микрофинансылык Ассоциация, Корпоративдик социалдык жоопкерчилик клубу сыяктуу экономикалык өнүгүү, социалдык көрсөткүчтөр жана айкындуулук жаатында иштеген ар кандай жергиликтүү жана эл аралык уюмдардын директорлор кеңешинде кызмат кылган.

Дзадзуа мырза экономика илимдеринин доктор даражасына ээ (PhD). Ал ошондой эле Франкфурттун Каржы жана Менеджмент мектебинин өнүктүрүү каржысынын лидерлиги боюнча магистратурага ээ. Ал микрокаржылоо, тобокелдиктерди башкаруу, климатты каржылоо, стратегия жана инновациялар боюнча эл аралык сертификатталган эксперт. 2022-жылдан бери Малхаз Грузиядагы Кутаиси университетинде  иштеп, азырынча ал жерде  профессор болуп, тобокелдиктерди башкаруу жана банк иши боюнча лекцияларды окуйт. Ал ошондой эле Тажикстандагы микрокредиттик депозиттер боюнча алдыңкы уюм болгон IMON Internationalдын Байкоочу кеңешинин мүчөсү. Малхаз каржылык инклюзия, жакырчылык, корпоративдик социалдык жоопкерчилик жана жашыл каржылоо боюнча "Микрокаржылоо жакырчылык менен күрөшүү куралы катары"  китептин жана бир нече изилдөө макалаларынын.

 

ЧАД СНЕЛГАР

ЧАД СНЕЛГАР

ДИРЕКТОРЛОР КЕҢЕШИНИН МҮЧӨСҮ

МЕРСИКОНУН КАРЖЫ ЖАНА АДМИНИСТРАТИВДИК ДИРЕКТОРУ, КАЗЫНАЧЫСЫ

Чад стратегияга, аналитикага, процессти жакшыртууга жана финансылык операцияларга басым жасаган эл аралык өнүктүрүү, коммерциялык эмес жана микрофинансылык башкаруу боюнча алдыңкы эксперт. Ал контракттык, гранттык жана программалык башкаруу тажрыйбасына ээ, анын наркы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана кирешенин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, ошондой эле эл аралык жана улуттук деңгээлде шайкештикти жакшыртуу жана алдамчылыкты азайтуу боюнча далилденген натыйжалары бар. Чад стратегиялык финансылык менеджмент боюнча магистр даражасын жана коммерциялык финансы жана экономика боюнча бакалавр даражасын алган. Чад көптөгөн өлкөлөрдө каржылык жана башкаруу иштерин көзөмөлдөгөн жана 20 жылдан ашуун эл аралык тажрыйбага ээ. Чад азыркы учурда Мерсиконун каржы жана административдик директору жана казыначысы.