Акча которуулар

Тинькофф тиркемеси аркылуу Россиядан Кыргызстанга “Компаньон” мобилдик тиркемесине ылдам которуулар

АКЧА КОТОРУУНУ КАНТИП ЖӨНӨТСӨ БОЛОТ?

РОССИЯДАГЫ ЖӨНӨТҮҮЧҮ:

1. Тинькофф  тиркемесинин колдонуучусу болушу керек.

2. Тиркемеде: “Платежи”- По номеру телефона” дегенди тандоо зарыл.

3. Жазма китепчеден Кыргызстандагы алуучунун номерин тандоо керек. Эгерде жазма китепчеде алуучунун номери жок болсо, анда номерди кол менен терүү зарыл: (996 ххх хх хх хx).

4. Банктардын тизмесинен “ЗАО Банк Компаньон” дегенди тандоо керек.

5. Рубль түрүндө которуунун суммасын, эгерде керек болсо алуучуга билдирүүнү терүү керек. “Перевести” дегенди басып, төлөмдү ырастоо керек.

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН КАРТАСЫНАН АКЧАНЫ НАКТАЛООДО КОМИССИЯ 0%

Акция 2023-жылдын  5-июнунан 2024-жылдын 31-июнга чейин жүрөт!

* Акция Банк тарабынан жеке адамдарга (КР резиденттерине) чыгарылган сом карталарына жана сом менен алынган учурда гана таркатылат. 

АКЧА КОТОРУУНУ КАНТИП АЛСА БОЛОТ?

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АЛУУЧУ:

1.“Компаньон” мобилдик тиркемесин жүктөп алып, идентификациялоодон өтүү керек.

2. Жөнөтүүчүгө “Компаньон” тиркемесинин номерин билдирүү керек.

3. Тиркемесин балансына акча каражатынын келип түшкөнүн текшерүү керек.

Алуучу балансын толукталгандыгы тууралуу SMS же push-билдирүү алат.

Алуучу капчыктын толукталгандыгы тууралуу SMS же push-билдирүү алат.

“Компаньон” тиркеменин балансына акча которуулар заматта түшөт.

Комиссиясы:

Жөнөтүүчү которуу үчүн комиссияны Тинькофф тарифтерине ылайык төлөйт. Которуу мобилдик тиркемеде жөнөтүү учурунда орнотулган Тинькофф курсу боюнча автоматтык түрдө сомго конвертацияланат. Которууну ишке ашыруга чейин, жөнөтүүчү конвертациянын курсун жана сумманы сом түрүндө көрөт.

Лимиттер:

Толук идентификациялоодон өткөн тиркемелер үчүн:

1 которуу – 150 000 рублга чейин.

1 сутканын ичинде которуулардын суммасы- 5 000 АКШ долларына барабар суммадан көп эмес болушу зарыл.

1 сутканын ичинде которуулардын саны – 20дан көп эмес.

1 айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы – 1 500 000 рубль.

1 айдын ичинде которуулардын санына чектөө жок.

Онлайн идентификациялоодон өткөн тиркемелер үчүн:

1 которуу – 15 000 сом.

1 айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы – 30 000 рубль.

Капчыктагы максималдуу калдык – 30 000 сом.

Алынган которууну накталап алуу жолдору:

  • Компаньон Банкынын кассаларынан;
  • Компаньон Банкынын агенттеринен;
  • Компаньон Банкынын же DemirBank достук түйүнүнүн банкоматтарынан- каалаган банктын ЭЛКАРТ карталарына же Компаньон Банкында чыгарылган ЭЛКАРТ/Visa карталарына алдын ала акча каражатын чегерүү аркылуу.

“Компаньон” балансынан төлөм картасын кантип толуктоого болот:

  • Каалаган банктын ЭЛКАРТ картасына: тиркеменин башкы бетинде «Которуулар»  бөлүгүндө “Карты КР” дегенди тандап, андан ары «Каалаган банктын ЭЛКАРТы» тандоо керек. Ачылган терезеде эсепти тандап, картанын номерин жана суммасын толтуруп, "Ырастоо" баскычын басоо керек.
  • Компаньон Банкында чыгарылган Visa жана ЭЛКАРТ карталарына: тиркеменин башкы бетинде «Которуулар»  бөлүгүндө “Карты КР” дегенди тандап, андан ары «Компаньон» тандоо керек. Ачылган терезеде эсепти тандап, карталык эсептин номерин жана суммасын толтуруп, "Ырастоо" баскычын басоо керек.

Ошондой эле “Компаньон” тиркеме же Интернет-банкинг аркылуу товарлар жана кызматтарга төлөө үчүн нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгөжана банктык эсептерди/депозиттерди толуктоого болот.

Тиркемени жүктөө: