Клиринг/Гросс
Компаньон Банкынын бөлүмдөрү аркылуу улуттук валютада акча которуулар:
- Клиринг системасы боюнча накталай эмес которуулар (кабыл алуу убактысы 11.00гө чейин) *
- Гросс системасы боюнча накталай эмес которуулар (кабыл алуу убактысы 15.00гө чейин) **
Которууну ишке ашыруу үчүн Сизге төмөнкүлөр зарыл:
- Банкта эсеби болуу;
- эсебиңизди которуунун жана комиссиянын суммасында толуктоо;
- төлөмдү ишке ашыруу үчүн зарыл реквизиттерди берүү.
Клиринг системасы жана «ГРОСС» системасы боюнча которуулар – бул Кыргыз Республикасынын территориясындагы банктар аралык накталай эмес которуулар. Которуулар жөнөтүүчүнүн эсептешүү эсебинен алуучунун эсептешүү эсебине которулат. ГРОССтун клирингден айырмасы ылдамдыгында жана көлөмүндө. ГРОСС ири жана шашылыш төлөмдөрдү жүргүзүүдө колдонулат.
*КЛИРИНГ боюнча бир төлөм тапшырыгынын которуу суммасы - 1 000 000 сомго чейин
**ГРОСС системасы боюнча бир төлөм тапшырыгынын которуу суммасы - 1 000 000 сомдон жогору