СберБанк Онлайн тиркемеси аркылуу Россиядан "Компаньон" мобилдик тиркемесине которуулар
АКЧА КОТОРУУНУ КАНТИП ЖӨНӨТСӨ БОЛОТ?
1. “СберБанк Онлайн” тиркемесинин колдонуучусу болушу керек.
2. Тиркемеде: “Төлөмдөр”- “Чет өлкөгө”- “Телефон номери аркылуу” (картага/эсепке) – “Киргизия”.
3. Алуучунун Кошелек Компаньон номерин терүү керек (+996ххххххххх), анан “Кошелек Компаньон” дегенди тандоо зарыл.
4. Которуунун суммасын киргизүү керек.
5. Алуучунун аты-жөнүн жана сумманы текшерип, төлөмдү тастыктоо керек.
Которуу Компаньон Банкынын алмашуу курсу боюнча автоматтык түрдө сомго конвертацияланат. Валютанын курсун жөнөтүүчү которууну аткарып жатканда Сбербанк Онлайн тиркемесинде көрөт.
Комиссия 0%
АКЧА КОТОРУУНУ КАНТИП АЛСА БОЛОТ?
1. "Компаньон" мобилдик тиркемесин жүктөп, идентификациялоодон өтүү керек.
2. Жөнөтүүчүгө "Компаньон" тиркеме номерин билдирүү керек.
3. Балансына түшкөн акча каражаттарын текшерүү:
-алуучу балансын толукталгандыгы тууралуу SMS же push-билдирүү алат.**
** SMS-билдирүү автоматтык түрдө, ал эми эгерде телефонунузда мүмкүн болсо push-билдирүү келет.
"Компаньон" тиркеменин балансына акча которуулар дароо түшөт.
Лимиттер:
Толук идентификациялоодон өткөн тиркемелер үчүн:
1 которуу – 150 000 рублга чейин.
1 күндүн ичинде которуулардын суммасы – 150 000 рубль.
1 айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы – 1 500 000 рубль.
Онлайн идентификациялоодон өткөн тиркемелер үчүн:
1 которуу – 100 000 сом.
1 айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы – 100 000 сом.
Капчыктагы максималдуу калдык – 100 000 сом.
Алынган которууну накталап алса болот:
- Компаньон Банкынын банкоматтарынан же кассаларынан;
- DemirBank достук түйүнүнүн банкоматтарынан;
- Агенттери аркылуу - 5 000 сомго чейин;
-Кыргызстандын калааган банкоматтарында комиссиясыз 2023-жылдын 31 декабрына чейин.
же болбосо банктык эсепти/депозитти толуктоого болот, ошондой эле “Компаньон” тиркеме же Интернет-банкинг аркылуу товарлар жана кызматтарга төлөө үчүн нак эмес төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот.