Казакстандан телефон номери боюнча Kaspi.kz тиркемеси аркылуу бардык банктардын ЭЛКАРТ карталарына акча которуулар
Kaspi.kz жана Компаньон Банкынан ыңгайлуу сервис-Казакстандан жөнөтүлгөн акча которууларды каалаган банктын ЭЛКАРТ төлөм каталарына алыңыз*.
*Kaspi.kz тиркемесинен которууларды алуу кызматы бир гана "ЭЛКАРТ Мобайл" мобилдик тиркемесинин колдонуучуларына жеткиликтүү.
Акча каражаты ошол замат түшөт!
Kaspi.kz тиркемесинен которууну кантип ишке ашырууга болот?
Kaspi.kz тиркемесинде:
1. "Которуулар" бөлүгүндө "Эл аралык которуулар" бөлүгүн тандаңыз.
2. "Телефон номери аркылуу" салмасында алуучунун телефон номерин +996 ххх хх хх хх форматында терүү керек же алуучунун номерин контакттар тизмесинен табуу зарыл.
3. Которуунун суммасын жазып, ырастоо зарыл.
✓ Кызмат 24/7 бою көрсөтүлөт.
✓ Которууну тенге түрүндө гана жөнөтүүгө болот. KGSке конвертация өнөктөш-Банктын курсу боюнча ар бир транзакция боюнча ишке ашырылып, экранда которууну ишке ашырган учурда көрүнөт.
Которуу үчүн комиссия: которуунун суммасынан 0,95%, минимум - 200 тенге.
Которуунун түшкөнүн кантип текшерүүгө болот?
✓ Кардар картасынын балансын текшериши керек. Толуктоолор тууралуу SMS же Push-билдирүүлөр келет (эгер мурда бул кызматтар туташтырылган болсо).
Лимиттер:
Которуунун бир жолку минималдуу суммасы: 50 сом.
Которуунун бир жолку максималдуу суммасы: 15 000 сом.
Бир күндүн ичинде которуулардын максималдуу суммасы: 150 000 сом.
Бир айдын ичинде которуулардын максималдуу суммасы:1 000 000 сом.
Которуулардын санына чектөө жок.
Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына 0 (312) 33-88-00, 88-00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) номерлери аркылуу кайрылыңыздар.