Компаньон мобилдик тиркемесинде "Тулпар" QR-кодунун жардамы менен жол акысын төлөө.
Компаньон мобилдик тиркемесин колдонуп, коомдук транспорттогу сапарларыңыз үчүн оңой төлөңүз.
1-кадам. Тиркеменин башкы менюсунан экрандын ылдый жагындагы QR-код белгисин басыңыз.
2-кадам. Коомдук транспорттогу «Tulpar QRга» камераны жакындатыңыз.
3-кадам Ачылган баракчада сумманы текшерип, «Төлөө» баскычын басыңыз. Экинчи баракчада «Тастыктоо» баскычын басуу менен, төлөмдү ырастаңыз.
4-кадам. Андан кийин төлөмдүн ийгиликтүү ишке ашканы тууралуу маалымат жана Тулпар QR-кодун камтыган баракча пайда болот, аны көзөмөлдөөчүгө же айдоочуга көрсөтүү зарыл. Q-кодду «QRды көрсөтүү» баскычын басып, кол менен ачса болот же «Квитанция» баскычын басып, квитанцияны көрсөтсө болот.
Кошумча маалымат алуу үчүн кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыздар: 0312 33-88-00, 88-00 (КРдин мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).
Тиркемени жүктөө: