"Компаньон” мобилдик тиркемеси

Кредиттер

“Компаньон” тиркемесиндеги “Кредиттер” бөлүгүндө төмөнкү функционал жеткиликтүү:

✓ Кредитти төлөө

Кредитти төлөө

Кредит боюнча ар айлык карызды жабуу үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо зарыл:

1. Тиркеменин башкы бетинде «Банктык продуктулар» функционалдык менюсунда «Кредиттер» бөлүгүн тандоо;

2. «Кредиттер» бөлүгүндөгү  тизмеден ар айлык төлөм жасала турган кредитти тандап алуу керек;

3. Кийинки ачылган терезечеде кредит боюнча карыз тууралуу маалымат чыгат

  • Ар айлык төлөмдүн суммасы.

4. Бул терезечеде “Төлөө” баскычын басып, учурдагы ай боюнча карызды төлөөнү ишке ашырса болот.

Кредит тууралуу маалымат

Кредит тууралуу кенен маалыматты кароо үчүн төмөнкү аракеттерди жасоо зарыл:

1. Тиркеменин башкы бетиндеги «Банктык продуктулар» функционалдык менюсунда «Кредиттер» бөлүгүн тандоо;

2. «Кредиттер» бөлүгүндөгү тизмеден маалымат керек болгон кредитти тандап алуу;

3. Ачылган терезечеде «Кредит тууралуу кененирээк» баскычын басса, төмөнкү маалыматтар көрүнөт:

  • Кредиттин эсебинин номери;
  • Кредиттин түрү;
  • Кредит боюнча пайыздык чен;
  • Кредиттин валютасы;
  • Кредиттин мөөнөтү;
  • Кредиттин суммасы.

Онлайн кредит

"Компаньон" мобилдик тиркемеси