"Компаньон” мобилдик тиркемеси

QR-код аркылуу төлөө

Мындан ары төлөмдү ишке ашыруу тезирээк жана ыңгайлуураак! “Компаньон” мобилдик тиркемесинде QR-код аркылуу төлөм системасы жеткиликтүү. Кызмат “Компаньон” мобилдик тиркемесинин акыркы версиясына чейин жаңыланган колдонуучулары үчүн жеткиликтүү.  

QRддун аркасы менен кардарлар өлкөнүн бардык соода түйүндөрүнөн жана ошондой эле интернет-мейкиндигинде өз мобилдик тиркемеси аркылуу каалаган товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөрдү ишке ашыра алат. Төлөмдүн бул түрү төлөм терминалын жана NFC-төлөмдөрдү колдогон карта же телефонду колдонгон электрондук которууларга альтернатива болуп саналат. Контактсыз төлөм үчүн QR-кодду мобилдик банк тиркемесинен сканерлөө жетиштүү.

QR-кодду колдонуу менен “Компаньон” мобилдик тиркемесинен төлөмдү кантип ишке ашырууга болот?

  1. Тиркеменин башкы менюсунун төмөн жагындагы “Которуулар” бөлүгүнө  кирүү зарыл.
  2. Андан кийин QRкод аркылуу тез которуу” жана ‘Cканердегенди тандоо зарыл.
  3. Сумманы жазып, номерди тактап жана ырастоо керек.

QR-кодду колдонуу менен “Компаньон” мобилдик тиркемеси аркылуу кардарлар ЭЛКАРТ Трейд, ЭЛКАРТ Мобайл, ЭЛСОМ, О!Деньги, РСК Банк, Demir Bank, Халык Банк, Айыл Банк, МBank, FINCA Банк жана башкалардын банктык тиркемелерине жана электрондук капчыктарына төлөмдөрдү комиссиясыз жүргүзө алат.

Жогорудагы тиркемелердин колдонуучулары дагы “Компаньон”, тиркемесине QR-код аркылуу каражат которуп жана Компаньон Банкынын Агенттеринен товарлар жана кызматтар үчүн төлөй алат.

Мобилдик тиркеме аркылуу төлөөдө төлөмдүн түрүн тандоо зарыл: тиркемеден же карталык эсептен

Лимиттер:

 «Компаньон тиркемеси аркылуу»:

Капчыктан:

Минимум- 1 сом.

Максимум- 200 000 сом.

Айына 600 000 сом.

Картадан:

Минимум- 20 сом.

Максимум- 150 000 сом.

Айына чектөөсүз.

 "Компаньон" мобилдик тиркемеси