“Компаньон” мобилдик тиркемеси боюнча тез-тез бериле турган суроолор

“Бир нерсе туура эмес болуп атат. Дагы бир жолу аракет кылып же кийинчерээк кирип көрүңүз” деген жазуу чыкса, эмне кылуу керек?

Бул учурда “Меню” бөлүгүндө тиркеменин версиясын текшерип көрүү керек. Төмөн жагында орнотулган тиркеменин версиясы көрсөтүлгөн. Бардык кызматтарга жеткиликтүүлүктү алуу үчүн, толук идентификация жана тиркеменин 2.3.0 версиясы керек. Эгерде тиркеменин версиясы эскирип калса, аны жаңылоо зарыл, тиркемени Google Play Market кызматында жаңыласа болот.

 screen 1