Жаңы “Компаньон” тиркемеси буга чейинки “Компаньон Капчыгы” тиркемесинен эмнеси менен айырмаланат?
«Компаньон» мобилдик тиркемеси – бул мобилдик банкинг жана электрондук капчыкты бириктирген мобилдик тиркеме. Тиркемеде операцияларды 24/7 бою ишке ашырууга болот. “Компаньон Капчыгы” жана “Мобилдик банкингде” жеткиликтүү болгон бардык кызматтар мындан ары бирдиктүү тиркемеде жеткиликтүү:
✓Коммуналдык кызматтар, уюлдук операторлордун кызматтары үчүн төлөмдөр, интернет, оюндар, штрафтар ж.б.
✓Эсептер аралык которуулар, Биздин Компаньон системасы аркылуу которуулар, электрондук капчыктарга, карталарга, Компаньон Банкынын жана башка банктардын эсептерине акча жөнөтүү жана кабыл алуу.
✓QR боюнча которуулар, депозитти онлайн ачуу, эсептерди ачуу, карталарды байлоо, эсептер арасында конвертация жана башка кызматтар. SWIFT которуулары убактылуу жеткиликтүү эмес.
✓«Компаньон» мобилдик тиркемесинин жаңылыгы – бул Кыргызстандын ичинде аты-жөнү боюнча которуулар. Кассада кезек күтүп тургандын ордуна, сиз Компаньон Банкынын каалаган кеңсеинен сиздин картага/эсепке же капчыкка жөнөтүлгөн которууну “Компаньон” мобилдик тиркемеси аркылуу оңой ала аласыз.
✓Ошондой эле акча каражаттарын капчыктан капчыкка реквизиттерди терип отурбастан, QR-кодду сканерлөө аркылуу которо аласыз.