Телефонго жүктөгөндөн кийин тиркемеге кантип кирсе болот?
1. 1. Сиздин мобилдик аппаратыңыздын экранындагы “Компаньон” тиркемесинин иконкасын басып, пайда болгон авторизация терезечесинде мобилдик телефондун номерин териңиз.
2. Номерди тергенден кийин бир жолку паролу бар SMS-билдирүү келет. Келген паролду жазыңыз. Бир жолку пароль 1 мүнөт күчүндө болот. Активациянын кодунун мөөнөтү өткөндөн кийин, жаңы коду бар SMS-билдирүү алуу үчүн сурам жөнөтүңүз!
3. Мындан кийин система жеке пин-кодду сурайт жана аны мобилдик тиркемеге кирген сайын терип туруу керек. Кирүү үчүн пин-кодду ойлоп таап, аны терүү зарыл.
Тиркемеде 4 орундуу гана пин-кодду гана эмес, Touch ID (манжанын изи) орнотсо болот. Ал тиркемеге бир тийим менен кирүүгө мүмкүнчүлүк берет.
!!! Тиркемеге Face ID аркылуу кирүүгө мүмкүн эмес. Эгерде сиздин смартфондо Touch ID же пин-код аркылуу бөгөттөн чыгаруунун ордуна буга чейин Face ID тандалып алынган болсо, бул учурда Face ID аркылуу бөгөттөн чыгууну өчүрмөйүн, тиркемеге кире албайсыз.