Кредиттер

KyrSEFF керектөө кредиттери

Компаньон Банкы турак жайды жылуулоого жана турак жай шарттарын жакшыртууга,  энергоэффективдүү максаттарга жана климаттын өзгөрүүсүнө ыңгайлашууга багытталган, «Кыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо» KyrSEFF программасынын алкагында кредиттин суммасынан 15%га чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү бар керектөө кредитин сунуштайт.

Кредит төмөнкү максаттарга берилет:

  1. Энергоэффективдүү терезелерди сатып алуу, лоджияларга жана балкондорго айнек тагуу.
  2. Имараттарды жылуулоо (тышкы дубалдарды, чатырды жана полдорду жылуулоо.
  3. Жылытуу жана салкындатуу системалары үчүн жылуулук насосторун орнотуу.
  4. Абаны рекупирациялоочу желдетүү системасын орнотуу.
  5. Энергоэффективдүү жарыктандырууну орнотуу (LED-лампалар).
  6. Сплит-системасы бар кондиционерлерди орнотуу (“А+” жана андан жогорку класстагы).
  7. Күн панелдерин орнотуу (күн коллекторлору, күн фотоэлектрикалык панелдери).
  8. Сууну үнөмдөөчү технологияларды орнотуу (сууну чабыштыргыч, душтун башы, сууну үнөмдөөчү унитаздар, жамгыр суусун чогултуучу бак, тамчылатып сугаруу).
  9. Муздатуу жана тоңдуруу жабдууларын сатып алуу (“А+” жана андан жогорку класстагы)ю
  10. Үйдүн/батирдин энергоэффективдүүлүгүн жогорулатуучу жана сууну үнөмдөөчү башка жумуштар.
  11. KyrSEFF программасына ылайык башка максаттар.

Ким кредитти ала алат:

  • 18 жаштан 68 жашка чейинки КРнын жарандары.
  • Патенттин негизинде бизнес жүргүзгөн же жалданып иштеген жеке жактар.
  • Жеке ишкерлер (өзүнүн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн ижарага берүүдөн түшкөн кирешени кошкондо).
  • Айыл чарба иштери менен алектенген жеке жактар.

Кредиттин шарттары:

  • Cумма: 10 000 сомдон 2 000 000 сомго чейин.
  • Мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин.
  • Номиналдуу пайыздык чен сом менен жылына 21,5%дан башталат.
  • Натыйжалуу пайыздык чен сом менен жылына 23,94% дан башталат.
  • Күрөөсүз жана кепилдиксиз 100 000 сомго чейин: кредит алуу үчүн кайрылган күнгө карата акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар кардарлар үчүн.
  • Күрөөсүз жана кепилдиксиз 250 000 сомго чейин: кредит алуу үчүн кайрылган күнгө карата акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар "Компаньон Банкы" ЖАКтын кайталанган кардарлары үчүн.

Артыкчылыктар:

  • Кредитти төлөөнүн ийкемдүү графиги.
  • Коммуналдык төлөмдөр кеткен  чыгымдарды кыскартуу.
  • Турак-жайды жылуулоо жана чуудан тосмо.
  • Акысыз техникалык жардам жана KyrSEFF программасынын экспертинин консультациялары.
  • 15% га чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү. Грант энергоэффективдүү иш-чаралар ийгиликтүү ишке киргизилгенде төлөнөт. Гранттык төлөмдөрдүн өлчөмү KyrSEFF программасынын консультанты тарабынан энергоэффективдүү иш-чаралардын түрүнө жана энергияны үнөмдөөгө сарпталган каражаттардын суммасына жараша, максаттуу пайдалануу документтер менен тастыкталгандан кийин, ар бир учурда өзүнчө аныкталат. Грантты алуу тууралуу кененирээк.

Кредит алуу үчүн керектүү документтер:

  • Кредит алуучунун, кепилдин жана күрөө берүүчүнүн паспорту.
  • Кредитти төлөө булагына байланыштуу кредит алуучунун жана кепилдердин кирешелерин ырастоочу документтер-патент, ЖИ күбөлүгү, акыркы 3 ай үчүн айлык акы жөнүндө маалымкаты ж.б.
  • Берилген күрөө мүлкүнүн түрүнө байланыштуу күрөө мүлк документтери – кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту, кыймылсыз мүлктүн укук белгилөөчү документтери, транспорттук унааны каттоо тууралуу күбөлүгү ж.б.
  • Банктын талабы боюнча кредиттин түрүнө байланыштуу башка документтер.

Толук маалыматты «Компаньон Банкы» ЖАКтын кеңселеринен жана Кардарларды колдоо кызматынан алса болот: (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 24.01.2024 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 14.11.2023 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 30.09.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кардарлардын жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери  01.02.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кардарлардын жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери 10.08.2023 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн.

Өтүнмөнү толтуруу

Насыянын наркын эсептөө

мес.

Насыяны төлөө графиги

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген. Насыянын так эсептөөлөрүн насыя адистерибизден ала аласыз

Өтүнмөнү толтуруу