Кредиттер

Акча которууларга кредиттер

Бул кредит Кыргызстандын ичинде, ошондой эле чет жерден үзгүлтүксүз акча которууларды алып турган жеке жактарга ылайык келет.

Шарттар:

  • Кредиттин суммасы: 5 000 сомдон 100 000 сомго чейин 
  • Пайыздык чени: жылына 29,9%* 
  • Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 24 айга чейин**

Жылдык эффективдүү пайыздык чен 36,49%дан тарта.

Камсыздоо катары Компаньон Банкынын депозиттик эсептериндеги каражаттар каралган кредиттер боюнча кредиттин мөөнөтү 1 айдан тарта жана ал депозиттин мөөнөтүнөн ашпашы керек.

Кредитти берүү:

  • Компаньон Банкында чыгарылган төлөм карталарына (карта ошол замат берилет);
  • "Компаньон" мобилдик тиркемесине алуу мүмкүнчүлүгү (ошол замат туташтырылат);
  • Банктын кассасы аркылуу

 Керектелүүчү документтер:

  • Кредит алуучунун паспорту
  • Акча которууларды алууну ырастай турган банктан көчүрмө же башка тастыктоочу документтер.

Кредитти ким ала алат?

Акча которуулар түрүндө (ички жана эл аралык) үзгүлтүксүз акчалай киреше алган 21 жаштан 68 жашка чейинки жеке жарандар (КРнын жарандары) ***.

Артыкчылыктары: Компаньон Банкынын кредиттик адисине тиешелүү документтер менен кайрылгандан кийинки 30 мүнөттүн ичинде каралып берилет.

*** Кардардын же ал менен байланыштуу болгон, бирге жашаган адамдардын наамына түшкөн акча которуулар Банктын көчүрмөсү же башка ырастоочу документтерге ылайык ай сайын, акыркы 5 айда үзгүлтүксүз болушу керек.

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 24.01.2024 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 14.11.2023 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 23.11.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 30.09.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 01.02.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кардарлардын жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери 01.02.2022 ж. чейин түзүлгөн келишимдер үчүн

Кардарлардын жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери  01.02.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кардарлардын жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери 10.08.2023 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн.

Кошумча суроолор боюнча Кардарларды колдоо кызматына 88 00 номери аркылуу же Банктын кеңселерине кайрылууга болот (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Өтүнмөнү толтуруу

Насыянын наркын эсептөө

мес.

Насыяны төлөө графиги

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген. Насыянын так эсептөөлөрүн насыя адистерибизден ала аласыз

Өтүнмөнү толтуруу