Жаңылыктар

САК БОЛГУЛА! АЛДАМЧЫЛАР АЛЫСТАН КОШУЛУУ ПРОГРАММАСЫН ЖЕ ЭКРАНДЫ ДЕМОНСТРАЦИЯЛОО ФУНКЦИЯСЫН КОЛДОНУП, АКЧА УУРДАП ЖАТЫШАТ

17 10 2023

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы алыстан кошулуу жана экранды демонстрациялоо функциясын колдонууга байланышкан алдамчылык учурлары өсүп жатканын эскертет. Шылуундар өздөрүн банктын кызматкери катары тааныштырып, ар түрдүү шылтоолорду айтып, акча каражаттарды коргоого убада берип, кардарларды атайын программаларды орнотууга ишендирген учурлар бар.

Сиздерден өтүнүч, дайыма сак болуӊуздар жана сиздерге телефон же электрондук почта аркылуу келген, айрыкча күтүүсүз түрдө келип калган программаларды эч качан орнотпоӊуздар. Алдамчылар алыстан кошулуу программасын сиздердин смартфонго жана банк тиркемелерге кирүү үчүн колдонушу мүмкүн жана бул сиздин каражатыӊызды жоготууга алып келиши ыктымал. 

Мындан тышкары, мессенджерлерден жана тиркемелерден видеоконференция үчүн "трансляция"  функциясын пайдаланууда дагы сак болуӊуздар. Алдамчылар сиздин смартфондогу мобилдик банк тиркемесин экрандан көрсөтүүнү жана сиздин эсепке уруксатсыз кирүү үчүн колдонулушу ыктымал болгон тастыктоо кодун сурашы мүмкүн.

Сиздердин каржынын жана маалыматтардын коопсуздугун камсыздоо үчүн алгач телефон чалган жактын өздүгүн текшерүүгө кеӊеш беребиз. Анан албетте чоочун адамдарга өзүӊүздүн смартфонго же компьютерге киришине уруксат бербеӊиздер. Эгерде сиздерде кандайдыр бир шектенүү пайда болсо, анда банкка түз кайрылууну өтүнөбүз.

Эгерде сиз ушундай кырдаалга туш болсоӊуз, тез арада Банктын кардарларды колдоо кызматына чалыӊыз жана картаны/мобилдик тиркемени/интернет-банкингди тосмолоӊуз. Мындан тышкары, мобилдик тиркеменин жаӊыланган версиясында сиз аны өз алдынча тосмолоп, тиркеме орнотулган бардык түзүлүштөрдөн чыгып кете аласыз. Ошондой эле, алдамчылар жөнүндө Банкка жана укук коргоо органдарына сөзсүз түрдө билдириӊиз.

Өзүӊүздүн акча каражатыӊызды коргоо үчүн сак болуӊуз!

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 07:00ден 02:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 22:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

 Картаны бөгөттөө үчүн төмөнкү телефондорго чалсаңыз болот:

ЭЛКАРТ (күнү-түнү)

0(555) 63-76-96

0(777) 63-76-96

0 (500) 63-76-96

WhatsApp +996 505 63 76 96  

Telegram @Elkartbot


VISA

+ 996 (312) 98-60-55

0 (800) 800-80-80       

 

Бардык жаңылыктар