Жаңылыктар

РОССИЯДАН КЫРГЫЗСТАНГА ТЕЗ КОТОРУУЛАР

18 4 2024

Сиз Россиядан такай акча алып турасызбы? Компаньон мобилдик тиркемеси менен сиз Сбербанк Онлайн жана Тинькофф аркылуу дароо жана ыңгайлуу курстар боюнча акча ала аласыз. Ал эми өзгөчө жагымдуу нерсе, Сбербанк аркылуу которуулар комиссиясыз ишке ашырылат!

Компаньон тиркемеси которуулардын жумасына 7 күн күнү-түнү жеткиликтүү болушун камсыздайт. Күндүн же жуманын кайсы күнү болбосун, сиз үйүңүздөн чыкпай эле дароо акча ала аласыз. Ал эми жөнөтүүчү тиркемеге катталган алуучунун телефон номерин гана билиши керек.

 “СБЕРБАНК ОНЛАЙН” ТИРКЕМЕСИНЕН АКЧА КОТОРУУНУ КАНТИП ЖӨНӨТСӨ БОЛОТ??

 

ТИНЬКОФФ ТИРКЕМЕСИНЕН АКЧА КОТОРУУНУ КАНТИП ЖӨНӨТСӨ БОЛОТ??

 


1. “СберБанк Онлайн” тиркемесинин колдонуучусу болушу керек.

2. Тиркемеде: “Төлөмдөр”- “Чет өлкөгө”- “Телефон номери аркылуу” (картага/эсепке) – “Киргизия”.

3. Алуучунун Кошелек Компаньон номерин терүү керек (+996ххххххххх), анан “Кошелек Компаньон”  дегенди тандоо зарыл.

4. Которуунун суммасын киргизүү керек.

5. Алуучунун аты-жөнүн жана сумманы текшерип, төлөмдү тастыктоо керек.

 

1. Тинькофф  тиркемесинин колдонуучусу болушу керек.

2. Тиркемеде: “Платежи”- По номеру телефона” дегенди тандоо зарыл.

3. Жазма китепчеден Кыргызстандагы алуучунун номерин тандоо керек. Эгерде жазма китепчеде алуучунун номери жок болсо, анда номерди кол менен терүү зарыл: (996 ххх хх хх хx).

4. Банктардын тизмесинен “ЗАО Банк Компаньон” дегенди тандоо керек.

5. Рубль түрүндө которуунун суммасын, эгерде керек болсо алуучуга билдирүүнү терүү керек. “Перевести” дегенди басып, төлөмдү ырастоо керек.

 

Жөнөтүүчү которуу үчүн комиссияны Тинькофф тарифтерине ылайык төлөйт. Которуу мобилдик тиркемеде жөнөтүү учурунда орнотулган Тинькофф курсу боюнча автоматтык түрдө сомго конвертацияланат. Которууну ишке ашыруга чейин, жөнөтүүчү конвертациянын курсун жана сумманы сом түрүндө көрөт.

Алуучу капчыктын толукталгандыгы тууралуу SMS же push-билдирүү алат. Бирок сизде Компаньон мобилдик колдонмосу жок болсо, аны шилтемеден жүктөп алсаңыз болот.

Алынган которууну накталап алуу жолдору:

  • Компаньон Банкынын кассаларынан;
  • Компаньон Банкынын агенттеринен;
  • Каалаган банкоматтарынан Компаньон Банкында чыгарылган ЭЛКАРТ жана Visa карталарына алдын ала акча каражатын чегерип КОМИССИЯСЫЗ нак алуу.

Кошумча маалымат үчүн кардарларды колдоо кызматына: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) жана Банктын бөлүмдөрүнө кайрылыңыз.

Бардык жаңылыктар