Жаңылыктар

БАНК КОМПАНЬОН 16-АЛМА ФЕСТИВАЛЫН ӨТКӨРДҮ

26 9 2023

Жалал-Абад облусунун Ноокен районуна караштуу Масы айылында 2023-жылдын 24-сентябрь күнү жылда өтүүчү 16-Алма фестивалы өнөктөштөрдүн, облустук жана райондук администрациялардын колдоосунда ийгиликтүү өткөрүлдү. 500 ашык коноктор жана 40 ишкер катышкан иш-чара айыл жашоосунун берекесин жана маданиятын эӊ сонун көрсөтө алды.

Иш-чаранын негизги максаты – багбанчылыкты өнүктүрүү жана агропродукция сатуучулар менен кардарлар ортосундагы рыноктук байланыштарды чыӊдоо.  

«Биз кардарлар жана камсыздоочулар арасында суроо-талап жогору продукттарды өндүрүүдө фермерлер менен багбандарга жардам берүүгө умтулабыз. Алма фестивалы – алардын иш-аракеттерин көрсөтүү жана тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгү», - деп Компаньон Банк Башкармасынын мүчөсү Наталья Фефилова фестивалды ачып жатып белгиледи.

Иш-чаранын ачылыш салтанатына Ноокен районунун акими Таалайбек Ишенбекович, Банктын Ноокен филиалынын директору Эльдияр Насирдинов жана жергиликтүү аксакалдар катышты. Алар айыл чарба ишкерлигин жана Кыргызстандын айыл чарбасынын өнүгүшүн колдоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти жана мындай демилге үчүн Компаньон Банкына ыраачылык билдиришти.

Жарманкеде ишкерлер жаӊы мөмө-жемиш, кол өнөрчүлүк буюмдары, кондитердик азыктар, бакча жабдуулары, жер семирткичтер жана башка абдан көп түрдүү продукцияларды эл алдына чыгарышты. Иш-чаранын коноктору өнүмдөрдү түздөн-түз  өндүрүүчүлөрдөн сатып алууга мүмкүнчүлүк алышты.

Фестивалдын көӊүл ачуу бөлүгүндө элдик артисттер, балдар ансамблдери өз өнөрлөрүн тартуулашты, кароо-сынактар өткөрүлдү жана маданий иш-чаралар алкагында "Эӊ чоӊ алма", "Эӊ кичинекей алма", "Мыкты фестивалдык кийим", "Мыкты жасалган мөмө-жемиш себети", "Мыкты пирог жасалгасы", "Мыкты музыкалык жана бий номерлери", "Мыкты кол эмгеги" номинацияларында жеӊүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылды.

Фестивалда Компаньон Банктын агрономдорунун кеӊештерине өзгөчө көӊүл бурулду. Агрономия адистери конокторго мөмө-жемиш бактарынын сортторун тандоо, туура бутоо, кыйыштыруу, семирткичтерди берүү жана экологиялык таза өндүрүш боюнча консультация беришти. Белгилей кетсек, Компаньон Банк  айылдык ишкерлер коомун колдогон Кыргызстандагы жападан жалгыз банк, анын окутуу жана колдоо бөлүмү бар, анда агрономия жана мал чарбасы боюнча  жогорку квалификациялуу 15 адис иштейт.     

Компаньон Банк Алма фестивалын 2016-жылдан бери өткөрүп келе жатат жана бүткүл өлкө боюнча айыл райондорунун өнүгүшүн жана ишкерлерди колдоону улантууда. Бул иш-чара айыл чарбасын өнүктүрүүгө жана фермерлер менен шаардыктардын өз ара байланышын чыӊдоого өбөлгө түзгөн салт болуп калды.

Бардык жаңылыктар