Биздин кардарларыбыз

ИЙГИЛИККЕ ЖАНА ГҮЛДӨП ӨСҮҮГӨ БИРГЕ УМТУЛАБЫЗ

Биздин кийинки каарманыбыздын окуясы – бул сөзсүз эле өзүнүн жерине сүйүүсүнүн жана патриотизмдин эң көркөм мисалы. Бул адам ийгиликке өзү гана жетпестен, айылынын көбүнчө тургундары долбоорго келип билим алышына да көмөк көрсөтүп жардам берген. 

Жайлообай Маматов Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги Дархан айылында жашайт. Ал “Бакчалар жана Пластик” долбооруна 2007-жылы гана кошулган, бирок ал дароо эле бардык долбоорлордун жана демилгелердин эң жигердүү катышуучуларынын бири болуп калган. Жайлообай топтордун мобилизатору болуп саналат. Ал  2009-жылы өзүнүн туулган Дархан айылында жыл сайын өткөрүлүүчү алма фестивалынын демилгечиси жана уюштуруучусу болуп чыккан.  

Жайлообай – айыл чарба экономисти жана совет убагында колхоздун төрагасы  болуп иштеген. Мындай кызмат өзүнүн айылынын өнүгүшү үчүн күйүп-бышууга милдеттүү кылат. Бул сапатын Жайлообай Союз бөлүнгөндөн кийин дагы жоготкон жок, жана “Бакчалар жана Пластик” долбоору анын аймагына келгенде, өзүнүн кошуналарына билим алууга жана жыргалчылыгын жакшыртууга жардам берүү мүмкүнчүлүгүн кубаныч менен пайдалана баштады. 
 
– Мен Компаньондун бардык демилгелеринде жигердүү түрдө катышып, элдерди чогултам; көбүнчө тренингдер менин үйүмдө өтөт. Мына жакында Компаньондун ветеринарлары сүттү кандай кайра иштетүү жана сактоо жөнүндө тренинг өткөргөн, биздин аялдар үй сырын жасоого үйрөнгөн, - деп айтып берди Жайлообай.  
 
Жайлообайдын эки багы бар. Эски багы үйдүн короосунда жайгашкан жана 2007-жылы таштак ээн жерде өзүнүн үйүнүн тушуна отургузган жаңы багы бар.  
 
– Биздин айылыбызда пай акыга берилген жер жок эле, бул таштак ээн жерди өздөштүрүүдөн башка жолум жок болчу. Мен таштардан жерди тазалап, сугат тутумуна жол ачып, жерди байыттым, мунун баардыгын Компаньондун адистеринин жардамы менен ишке ашкан. Мындан кийин жемиш питомнигиме көчөттөрдү сатып алыш үчүн өзүмдүн биринчи насыямды алдым. Сиз көргөндөй бул жерде баардыгы өсөт: алма, алмурут, өрүк, шабдалы, кара өрүк, катар аралыгында карагат өсүп жатат, бул жылы түшүмү жакшы болду жана мага жакшы пайда алып келди.     
 
Жайлообай өзүнүн жаңы багынан башка жемиштерди да сатат, алар да жакшы өтөт, себеби анын жемиштерин Россиянын жана Казахстандын коммерсанттары жана жергиликтүү сатып алуучулар талап алат.   
 
– Мен химиялык жер семирткичтерди колдонбойм, баардыгы экология жактан таза жана коопсуз, ошондуктан биздин жемиштерибизди эл жакшы алат. Өзүбүз үчүн дагы эч кандай продуктыларды сатып албайбыз. Менин багымда бизге керектүү баардык нерсе өсөт: жашылчалар, мөмө-жемиштер, биздин үй малыбыз бар, өзүбүздүн сүтүбүз жана этибиз, ошондой эле кичине үлүш жерибиз бар, ал жерде картошканы жана буудайды сатуу үчүн өстүрөбүз. Жада калса малга чөптү дагы өзүбүз өстүрөбүз. Жыргалчылык үчүн дагы эмне керек?! - деп жылмайып, айтып берди Жайлообай.    
 
Жайлообайдын беш баласы жана анын кошуналары да Компаньондун тренингдерине жана демилгелерине катышат. Ал эми өзү Жайлообай Компаньон жети жылдан бери өткөрүп келе жаткан бардык алма фестивалдарына катышат.    
 
Жайлообай, Мукелен жана Кабылбек – бул үч эң жакшы кишилер ийгиликке жетише алган “Алма”, "Бакчалар жана Пластик" долбоорлорунун катышуучуларынын кичинекей гана бөлүгү болуп саналат. Биз аларга мындан аркы ийгиликтерди жана өсүп өнүгүүнү каалайбыз.

 


 
 

 

Бардык кардарлар