Биздин кардарларыбыз

АЛМА ФЕСТИВАЛЫ КАТЫШУУЧУЛАРДЫН КӨЗ КАРАШЫ МЕНЕН

Мына биздин 7-чи Алма фестивалы да болуп өттү. Ачык аба-ырайы бардыгын, уюштуруучуларды да, катышуучуларды да, фестивалдын конокторун да кубантты. Айыл жашоосунун жай-салмактуу мезгилинин жүрүшү көңүлдүү ополоң-тополоң жана майрамдын көңүлдүү өтүшү менен бузулган. Балдар, майрам концертинин  катышуучулары, көркөм костюмдарын кийип өзүлөрүнүн номерлерин репетиция өткөрүштү. А чоңдор дегустацияны күн мурунтан тамшанып күтүү менен, сынактык жумуштарды кызыгуу менен карап чыгышты – алма токочторду, салаттар жана алмадан, патиссондон, кабакчадан, ашкабактан жана табияттын башка белектеринен кыйын фигуркалар менен кооздолгон башка таттуу тамак-аштар.  

Айыл жеринин тургундары үчүн, алардын жашоо күндөрү бир бирине окшош болгон, мындай иш-чаранын масштабтуулугун шаардык тургундарга, жашоосу ар бир күнү ар кандай окуяларга толгон, түшүнүүгө оңой эмес. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мен иш-чара жөнүндө, анын таасирлүүгү тууралуу фестивалдын катышуучуларынан сураштырууну чечтим. 

Чолпон – Баетов мектебинин “7в” классынын класс жетекчиси, “Карвинг” аталмасында сынактын жеңүүчүсү.
 
- Биз мындай иш-чарада биринчи жолу катышап жатабыз. Биздин балдар үчүн бул чоң окуя. Алар буга чоң жигердүү түрдө даярданган, түнкүсүн уктабай, стегазетаны тартып, майда нерселерди ойлоп табышкан. Биздин башкы авторубуз Аман, дээрлик фигуралардын баарын ал ойлоп тапты. Менин оюмча мындай иш-чаралар биз үчүн абдан маанилүү, анткени алар багбанчылык өнүгүүсүнө гана көмөк көрсөтпөстөн, биздин балдардын ойчабытын жана чыгармачылык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрөт. Анан дагы качан балдар даярданганда, ошондо алар жемиштер жана жашылчалар жана өсүп жаткан организмге пайда жөнүндө көп кызыктуу жана пайдалуу маалыматты билип алышат.  
 
Эркин жана Орозбүбү – Баетов айылынын тургундары, фестивалдын коноктору.
 
- Компаньон бул жылы биздин айылыбызда фестивалды өткөргөнү абдан жакшы! Карасаңар, биздин балдар кандай сүйүнүп жатышат. Эң кичинекей катышуучулар да, Тынчтык бала бакчасыныны балдары, өзүлөрүнүн майда нерселерин алып келип жана чыгууга бийлерди даярдашты. Биз бийик тоолуу жерде жашасак да, өзүбүздүн байлыктарыбызды фестивалда көрсөтө алабыз. Бизде баары өсөт, карасаңар, алма, капуста, кызылча, кабакча. Мындай фестивалдар көбүрөөк болушу керек!     
  
Амина жана Гульзат – Компаньондун башкы кеңсесинин кызматкерлери, фестивалдын коноктору.
  
- Нарын жана Баетов айылы бизди жакшы аба-ырайы менен тосуп алышты: күн жарык, ачык жана салкын. Айылдыктарды сүйүнүп жана өзүлөрүнүн эң жакшы чыгармаларын даярдап толкунданганын көрүүгө кубанычтуу болду: өстүргөн алмалардан баштап жемиштерден, пакеттерден, кагаздан жана башка күтүлбөс материалдардан жасалган кийимдер менен бүтүп. Мага фестивалдын темасы боюнча сүрөттөр абдан жакты; айрыкча бала-сүрөтчүнүн, анын жумуштары башкаларга жакканына ыраазы болгонун, көрүү жагымдуу болду.    
      
- Аба-ырайы жакшы болуп турду. Бул фестивалга акталаалыктар ынтасын коюп даярданганы кубантты: концерт программасы абдан мыкты болду. Биз алмалардан кулинардык жана декоративдик буюмдардын көргөзмөсүн ыракаттанып көрдүк. Мен үчүн эң кызыктуу салмагы 410г эң чоң алма жана эң таттуу алма токоч коюлган аукцион болду.  

Чынаргүл - Компаньондун Балыкчы филиалынын менеджери, калыс тобунун мүчөсү.

- Мен фестивалда сынак жумуштарын баалоо боюнча комиссиянын мүчөсү болгом. Фестивалга катышуучулардын даярданышы мени таң калтырды, мен бир айыл өкмөтү өкүлүнүн алмадан жасалган тамак-аштын 22 аталышынын санап алдым, аларга киргендер: алмадан хошан жана манты, токочтор, салаттар, варенье, компот, кисель. Мен баарын татып алдым, мага баары жакты. Алмадан хошан жана манты деген адаттуу эттен тамак-аштарды жасоого болгонун оюума да келген жок. Мен 5 жылдан бери Алма фестивалында катышып келе жатам, жана бул фестиваль эң жогорку деңгээлде өттү. Биз баарыбыз ушундай тоолуу райондо алма өскөнүнө ишенбегенбиз, бирок көп жана ар түрдүү алма өсөт экен. Мага баары жакты, эми бул эстафета бизге, Балыкчы филиалына, 2013-жылы Кара-Ой айылында кезектүү Алма фестивалын өткөрүүгө берилди, биз аны жогорку деңгээлде өткөрүүгө ишенебиз. 

Курманжан – Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылынын тургуну. 2009-жылы Дархан айылында “Эң чоң алма” аталмасында биринчи орун жана 2011-жылы Чаек айылында “Эң чоң алма” аталмасында экинчи орун алган.
 
- Биз төрт жылдан бери фестивалда катышып жүрөбүз жана “Эң чоң алма” сынактын призерлору болгонбуз. Баарынан сынактарга катышуу мага жагат. Сынактарга даярдануу, эң чоң алманы издөө, алмадан жаңы тамак-аштар менен эскперимент жүргүзүү абдан кызыктуу. Биз бакчада алманын үч сортун өстүрөбүз – апорт, бельфлёр жана мезгет, а дагы бүгүн биздин Ысык-Көл жүзүмүн алып келишти. Биздин райондо Компаньон өткөргөн программаларда жигердүү түрдө катышабыз. Бул билим берүү программаларынын аркасы менен биздин түшүмдүн сапаты бир кыйла оңолду. Бул жылы биз фестивалдын эстафетасын алуу үчүн Баетовго келдик, фестиваль кийинки жылы биздин айлыбызда өтөт. Биздин айылыбыздын бардык тургундары кийинки жылы фестивалды биз кабыл алып жатканыбызга абдан кубанычта жана жигердүү майрамдын программасын ойлоп табууда.  
         
Жыйынтыгында майрам ура менен өттү деп кошкум келет! Компаньон фестивалдын бардык катышуучуларына жана конокторуна жана уюштурууга жардам бергендердин баарына ыраазычылык билдирет. Эң Таттуу, Экологиялык жагынан Таза Алма майрамында кийинки жылы да эски жана жаңы конокторду биздин майрамда көрүүгө үмүттөнөбүз!


Бардык кардарлар