Биздин кардарларыбыз

КҮЗГҮ ТРЕНИНГТЕР

Күз келди, аны менен түшүм жыйноо жана жайлоодон (жайкы жайыттар) малдын кайтуу жаңы убагы да келди. Күз – бул биздин кардалырыбыз, ошондой эле биздин Өнүктүрүү бөлүмү үчүн кыйын жумуш убагы. Так бул убакытка түшүм жыйноонун эң жигердүү жогорулашы келет, так азыркы убакытта малчылар малды кышка даярдоодо. Айылдын тургундары кышка канчалык жакшы даярданса, ошончого алардын азык-түлүк коопсуздугу жана пайдасы көз каранды болот. Биздин агрономдор жана ветеринарлар бүткүл Кыргызстан боюнча күн сайын биздин кардарларыбызга талыкпай кеп-кеңеш берип жана түшүм жыйноо жана сактоо жана кыш мезгилине мал даярдоо боюнча тренингтерди өткөрүүдө.
 
Мен ушундай бир нече тренингтерге катышууга жетишип, көп кызыктуу жана үлгү боло турган нерселерди билип алдым.    
 
Алма жана алмурут жыйноого жана сактоого арналган тренингтер, мындай айтканда, талаа шарттарында, көлөкөлүү багында өткөрүлгөн. Ошондой абалдагыдай билим алууга жана аны тажрыйбада чыңоого жардам көрсөткөн эмес. Тренингте мен жана катышуучулар алманын сактооо мөөнөтү сортко гана эмес, бирок жыйноо убакытына көз карандысын билип алдык. Алма өлчөмүнө жана тышкы көрүнүшүнө жараша сортторго бөлүнөт, алардын наркы ар кандай болот. Кийин тажрыйбада бардык катышуучулар бутактарга жана жана келерки бүчүрлөргө зыян келтирбей алманы кантип туура үзүш керегин көрүшкөн. Зыянкечтердин жана алар менен күрөшүү темалары эскертилген. Түшүм “жыйналган жана сорттолгон” мезгилинде, сактоо жөнүндө айтып берүүгө убакыт келди. Тренингте майда-чүйдөсү менен погребти даярдоо, погребти кандай кургатуу, желдетүүнү өткөрүү, түшүмдүн бузулушунун себеби боло турган көк даттын жана башка микроорганизмдеринин пайда болушун алдын ала сактоо жөнүндө айтылган. Катышуучулар күмөн санабаган көбүнчө нюанстар түшүм сактоо мөөнөтүнүн төмөндөө себеби болушу мүмкүн.      
 
Мал чарбачылык боюнча тренингте мен “Сүттү кайра иштетүү жана сактоо” темага туш келдим. Сүт азыктарын сактоонун көбүнчө ыкмалары айылда муртадан бери баары билет. Дээрлик ар бир кожойке кычкыл-сүт азыктарын, быштак, үй сыр жаса алат, бирок бул тренингте биз коюлтулган сүттү дагы жасоону үйрөттүк. Бул таттуу баарыбызга балачагыбыздан таанымал, бирок көпчүлүгү үй шарттарында даярдоону билбейт.
 
А сүт кайнап турганда биздин ветеринар эрте баскычтарында жаныбарлардын айрым ооруларын кандай байкап билиши, туура саап алуу ыкмасын уюштуруу, сүттө кандай пайдалуу заттардын бардыгы жөнүндө айтып берди, биз ошондой эле ар кайсы үй жаныбарларынын сүт коюлугунун көрсөткүчтөрүн салыштырып жана адам үчүн сүт азыктарынын керектөөнүн суткалык ченемин билип алдык.     
 
Белгилеп кетким келет, бардык тренингтер формалдык эмес абалда тажрыйбада милдеттүү көрсөтүүсү менен өтөт. Мындай абалда адамдар бошонуп жана суроо берүүдөн тартынбайт.
 
Маалымат берүүчү тренингтердин өткөрүшү – бул Компаньондун социалдык маселелердин бири. Кандайдыр бир жамааттын тургундары Компаньондун кардарлары болуп саналышына көз каранды, бул маалымат берүүчү тренингтер жана кеп-кеңештер бекер жана бүт баарына жеткиликтүү.

 
 
 
    

Бардык кардарлар