Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ ЭҢ АКТИВДҮҮ VISA КАРТАЛАРЫНЫН ЭЭЛЕРИНЕ СЫЙЛЫКТАРДЫ ТАПШЫРДЫ

1 2 2024

Кадимки карта менен дүкөндөрдө жана дарыканаларда товарлар үчүн, сулуулук салондорунда кызматтар үчүн жана май куюучу жайларда бензин үчүн төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот. Ал эми Компаньон Банкынын Visa картасы менен, жогоруда айтылгандардан тышкары, акча каражаттарын өлкөнүн каалаган банкынын банкоматынан комиссиясыз чыгарып алууга болот. Мындан тышкары, баалуу сыйлыктарды дагы утуп алышыңыз мүмкүн!  

Компаньон Банкы Visa карталарынын ээлери үчүн уюштурулган акция аяктагандыгы тууралуу жарыялайт.

Акция төрт этапта өттү – ар бир этаптан кийин эң көп активдүүлүк көрсөткөн 10 жеңүүчүгө 5 миң сомдон 50 миң сомго чейин акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми финалда банк акция жүргөн мезгил аралыгында эң көп активдүүлүк көрсөткөн 3 жеңүүчүнү аныктады.

 Эң активдүү катышуучу катары Айвар Исенбеков биринчи орунду жеңип алып, заманбап iPhone 15 Pro Max 256 ГБ мобилдик телефонун утуп алды. Экинчи орунга Асакеев Чынгыз ээ болуп, ноутбук менен сыйланды. Үчүнчү орунду Хавазов Ламзар ээлеп, электроскутердин ээси болду.

«Компаньондун мобилдик колдонмосунун үзгүлтүксүз иштешинин жана шаардагы POS-терминалдарда карта менен төлөө мүмкүнчүлүгү болгонунун аркасында, мен баалуу байгеге ээ болдум», – деп ыраазычылык билдирди акциянын катышуучусу Ламзар Хавазов.

Компаньон Банкынын Борбордук филиалынын директору Марат Тайжанов белгилегендей, бул акция — Банкка лоялдуулук көрсөткөн кардарларды кубантып, аларга ыраазычылык билдирүү ыкмаларыбыздын бири гана.

Компаньон Банкынын Visa картасынын артыкчылыктары:

  1. 1.     Акысыз карта ачуу
  2. 2.     Картадан накталай акчаларды Кыргыз Республикасынын бардык банкоматтарынан КОМИССИЯСЫЗ чыгарып алуу
  3. 3.     Картаны терминалдар жана колдонмолор аркылуу КОМИССИЯСЫЗ толуктоо
  4. 4.     Россиядан ыңгайлуу тарифтер боюнча картага акча которууларды кабыл алуу
  5. 5.     Картаны Компаньон Банкынын каалаган бөлүмүнөн 5 мүнөттө алуу

Компаньон Банкынын VISA картасынын бардык мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланыңыз. Эгер сизде Компаньон Банкынын картасы жок болсо, аны банктын каалаган бөлүмүнөн ачып, ал эми карта ачууга билдирмени веб-сайтта же “Компаньон” мобилдик колдонмосунда калтырсаңыз болот.

Кененирээк маалыматты www.kompanion.kg расмий сайтынан же, 88 00 мобилдик номери боюнча, Кардарларды колдоо кызматына чалып билсеңиз болот.

Бардык жаңылыктар