Жаңылыктар

АБАЙЛАГЫЛА, АЛДАМЧЫЛАР СИЗДИ ОНЛАЙН КРЕДИТ АЧТЫРУУГА ИШЕНДИРИП ЖАТЫШАТ

23 1 2024

Урматтуу кардарлар,

Компаньон Банкы алдамчылардын жаңы айла-амалдары жөнүндө эскертет. Сак болуңуз!

Күн сайын алдамчыларды таануу кыйын болуп атат, анткени алар карталардан, электрондук капчыктардан, мобилдик колдонмолордон жана онлайн-банкингден акча каражаттарын алдоонун жана алуунун барган сайын татаал ыкмаларын колдонушат.

Бул жолу алдамчылар өздөрүн Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кызматкерлери катары тааныштырып, телефон аркылуу чалгангандарга кредитти каттоону аракет кылышат. Көйгөйдү чечүү үчүн, банктын колдонмосунан кредитти өзүңүзгө каттоону сунушташат, ал катталгандан кийин Банк өзү жабып коет, деп ынандырышат. Бирок онлайн-кредит катталгандан кийин, алдамчылар баардык акча каражаттарды алып коюшат.

Эске тутуңуз!

  • Улуттук банктын өкүлдөрү кардарларга эч качан чалбайт. Эгерде сизге "Улуттук банктан" же "Банктан" чалышса, бирок кандайдыр бир күмөн санасаңыз, Банктын Кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыз. Расмий номерге окшош болсо дагы, ал номерге кайра чалбаңыз. Расмий сайтта көрсөтүлгөн номерге кайрылыңыз. 
  • Интернет-банкингден, мобилдик колдонмодон - Банк кызматкерлерине дагы- SMS, картанын арткы бетиндеги CVV кодун жана сыр сөздөрдү, жашыруу коддорду өткөрүп берүү мүмкүн эмес!

Эгер ушундай жагдайга туш болсоңуз, дароо Банктын Кардарларды колдоо кызматына чалып, картаны/мобилдик тиркемени/Интернет-банкингди блокировкага киргизиңиз. Мындан тышкары, "Компаньон" мобилдик колдонмосунунан өз алдынча блокировкага киргизип, баардык түзмөктөрдөн чыга аласыз. Ошондой эле, алдамчылар жөнүндө Банкка жана укук коргоо органдарына билдирүүнү унутпаңыз. 

Бардык жаңылыктар