Жаңылыктар

KYRSEFF КРЕДИТТЕРИНЕ ПАЙЫЗДЫК ЧЕНДЕРДИН ТӨМӨНДӨШҮ

9 1 2024

Компаньон Банкы “Кыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо” KyrSEFF программасынын алкагында энергияны үнөмдөөгө багытталган бизнес   керектөөкредиттер боюнча пайыздык чендердин төмөндөшү жөнүндө кубанычтуу кабарлайт!

Минималдуу пайыздык чен сом менен жылдык 20%. Акция 2024-жылдын 31-январына чейин жарактуу.

Kyrseff кредиттери ишканаларга жана жеке адамдарга имараттардын жана өндүрүш объекттеринин энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатуу, ошондой эле айлана-чөйрөнү сактоого жардам берүү үчүн берилет.

Продукт

Кредиттин суммасы, сом

Жылдык номиналдык пайыздык чен*

KyrSEFF керектөө кредиттери 

 

5 000-250 000

29,9% 

250 001-350 000

27,50%

350 001-500 000

 27,0%

500 001-700 000

 26,0%

700 001-1 000 000

25,023,0%

1 000 001-2 000 000

24,0% 22%

* Жылдык номиналдык пайыздык чен 24,57%дан башталат.

КЕРЕКТӨӨ КРЕДИТ АЛУУ ҮЧҮН ОНЛАЙН ӨТҮНМӨНҮ ТАПШЫРУУ

Продукт

Кредиттин суммасы, сом

Жылдык номиналдык пайыздык чен**

KyrSEFF бизнес кредиттери

 250 000 чейин

28,9%

250 001-350 000

26,5% 

350 001-500 000

 26,0%

500 001-700 000

 25,0%

700 001-1 000 000

24,0% 23%

1 000 001-2 000 000

23,0% 22%

2 000 001-3 500 000

23,0% 21%

3 500 001 – 8 500 000

23,0% 20

БИЗНЕС КРЕДИТ АЛУУ ҮЧҮН ОНЛАЙН ӨТҮНМӨНҮ ТАПШЫРУУ

**Жылдык номиналдык пайыздык чен 22,12%дан башталат.

Компаньон Банкы кардарлага ушул сонун мүмкүнчүлүк менен пайдаланууну сунуштайт. Акчаны үнөмдөө үчүн гана эмес, экологияга да пайда алып келүү үчүн энергияны үнөмдөөгө инвестиция салып бизнесиңизди өнүктүрүңүз.

Бул программанын негизги артыкчылыктарынын бири кредиттин суммасынын 15% чейин грант алуу мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Грант энергоэффективдүү иш-чаралар ийгиликтүү ишке киргизилгенде төлөнөт. Гранттык төлөмдөрдүн өлчөмү KyrSEFF программасынын консультанты тарабынан энергоэффективдүү иш-чаралардын түрүнө жана энергияны үнөмдөөгө сарпталган каражаттардын суммасына жараша, максаттуу пайдалануу документтер менен тастыкталгандан кийин, ар бир учурда өзүнчө аныкталат. Грантты алуу тууралуу кененирээк маалымат.

“Кыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо” KyrSEFF программасынын алкагында бизнес кредиттер төмөнкү максаттарга берилет:

  • Өнөр-жай жабдууларын орнотуу (өндүрүш линияларын жана жабдууларын  энергоэффективдүү жабдууларга алмаштыруу).
  • Коммерциялык имараттарды модернизациялоо (имараттардын жылуулук сактоосун жакшыртуу –полдорду, дубалдарды, чатырды жылуулоо).
  • Сууну үнөмдөөчү технологиялар (тамчылатып сугаруу системалары, суу үчүн энергоэффективдүү насостор, бассейндер/суу чогултуучу идиштер).
  • Күнөсканаларды модернизациялоо (тамчылатып сугаруу системалары жана жылуулукту үнөмдөө). 
  • KyrSEFF программасына ылайык башка максаттар.

Компаньон Банкы ошондой эле кредит алуучулар үчүн жагымдуу шарттарды сунуштайт:

  • Кредитти төлөөнүн ийкемдүү графиги жана жеңилдетилген мезгил;
  • Учурдагы чыгымдарды кыскартуу (электр энергиясына төлөө, жылытуу ж.б.);
  • Акысыз техникалык жардам жана KyrSEFF программасынын экспертинин консультациясы.

* натыйжалуу пайыздык чен сом менен жылына 28,32% дан башталат.

Толук маалыматты «Компаньон Банкы» ЖАКтын кеңселеринен жана Кардарларды колдоо кызматынан алса болот: (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

 

Бардык жаңылыктар