Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКТЫН VISA КАРТАСЫ МЕНЕН GLOVOдон АКЫСЫЗ ЖЕТКИРҮҮ

27 12 2023

Майрамдардын алдында Компаньон Банкы Visa карталарынын ээлери үчүн акциянын башталышы жөнүндө кубаныч менен жарыялайт. Эми Visa картасы менен Glovo тиркемесинде сатып алуулар үчүн төлөгөнүңүздө, сиз өлкөнүн бардык шаарларына акысыз жеткирүүгө ээ болосуз.

Майрамдык мезгил – ар бир мүнөт алтын менен бааланып, аны түгөнгүс кезектер менен короткусу келбеген учур. Visa компаниясынын Glovo менен өнөктөштүгүнүн аркасында сиз дүкөндөрдөн товарларды, ресторандардан даамдуу тамактарды, дарыканалардан дары-дармектерди – дээрлик бардык нерселерди, бекер жеткирүү менен заказ кыла аласыз. Glovo тиркемеси Компаньон Банкынан Visa картаңызды байланыштырып, заказыңызды төлөөдө аны тандаңыз.

Бул акция өлкөнүн бардык шаарларында жарактуу жана 2024-жылдын 5-январына чейин уланат. Компаньон Банкынын Visa карталары менен эс алууларыңызды ыңгайлуу жана пайдалуу өткөрүү мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Бардык жаңылыктар