Жаңылыктар

СБЕР КОТОРУУЛАРЫ БОЮНЧА АКЦИЯНЫН БИРИНЧИ ЭТАБЫНЫН ЖЕӉҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

4 10 2023

СберБанк онлайн кызматынан Visa, ЭЛКАРТ карталарына жана Компаньон мобилдик тиркемесине которуулар боюнча биринчи этаптын жеӊүүчүлөрүнө байгелер салтанаттуу түрдө тапшырылды. Төмөнкү номинациялар боюнча жалпысынан 40 жеӊүүчү аныкталды:

•  "Кабыл алынган которуулардын эӊ көп саны"

•  "Кабыл алынган которуулардын эӊ көп суммасы"

Компаньон Банк жеӊүүчүлөрдү iPhone 14 Pro Max/256 GB, телевизор, муздаткыч, кир жуугуч машина, ноутбуктар жана башка баалуу сыйлыктар менен сыйлады.

Акция уланууда жана кардарларда Мальдив аралдарына турлардын жана башка баалуу сыйлыктардын ээси болууга мүмкүнчүлүк бар. Компаньон Банк бардыгын 2023-жылдын 31-декабрына чейин акцияга катышууга чакырат. 

Эске салсак, акция 2023-жылдын 1-июлунда башталган жана 3 этап менен өтөт, андан Мальдив аралдарына 2 адамга тур жана дагы 120 түрдүү сыйлык утуп алууга болот. Башкы байгелер бүткүл акция боюнча эӊ жогорку активдүүлүк көрсөткөн эки жеӊүүчүгө тапшырылат.

Катышуу үчүн ыраазыбыз жана акциянын кийинки этаптарынан күтөбүз!

Толук маалыматты 88 00 номери боюнча Кардарларды колдоо кызматынан (мобилдик телефондон чалуу акысыз) же банктын кеңселеринен алууга болот.

Бардык жаңылыктар