Жаңылыктар

“КОМПАНЬОН" МОБИЛДИК ТИРКЕМЕСИНИН ЖАҢЫ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨРҮ

27 3 2023

Компаньон Банкы "Компаньон"мобилдик тиркемесин толуктоонун жаңы мүмкүнчүлүгү жөнүндө кубануу менен жарыялайт. Мындан ары тиркемени "ЭЛКАРТ Мобайл", Халык Банк Кыргызстан, БАКАЙ БАНК жана Дос-Кредобанк тиркемелери жана түзүлүштөрү аркылуу толуктоого болот.

Комиссия:

  • "ЭЛКАРТ Мобайл" аркылуу толуктоо-0%
  • "Халык Банк Кыргызстан" аркылуу толуктоо-0%
  • "БАКАЙ БАНК"  тиркемеси жана түзүлүштөрү аркылуу толуктоо -1%
  • Дос – Кредобанк тиркемелери жана түзүлүштөрү аркылуу толуктоо -1%

Мындан тышкары, Компаньон Банкынын терминалдары жана "Компаньон" мобилдик тиркемеси аркылуу Бакай банктын жана Дос-Кредобанктын, "БИКА "кредиттик союзу" Финансылык кооперативинин жана Оптима Банктын тиркемелерин толуктоо кызматтары жеткиликтүү.

Комиссия:

  • "БАКАЙ БАНК" сервистерин толуктоо – 1%
  • Дос – Кредобанк сервистерин толуктоо -1%
  • "БИКА" кредиттик союзу " Финансылык кооперативинин сервистерин толуктоо - 25 сом
  • "Оптима Банк" сервистерин толуктоо -1%

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды  колдоо кызматына 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз) телефон номерлери аркылуу кайрылыңыз

Бардык жаңылыктар