Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫНЫН КРЕДИТ АЛУУЧУЛАРЫ ҮЧҮН БИЛДИРҮҮ

18 5 2022

Сиздерге Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы 2022-жылдын 29-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын COVID-19 пандемиясына байланыштуу финансылык-кредиттик мекемелерге кредиттик келишимди бузганы үчүн штрафтык санкцияларды салууга убактылуу тыюу салуу боюнча 2020-жылдын 18-мартындагы №2020-П-12/13-1-(БС) токтомун жокко чыгаргандыгын билдиребиз.

Ошентип, кредитти төлөөнү мөөнөтүнөн өткөрүп жибергендиги же кредиттик келишимди аткарбагандыгы/талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн кредиттик келишимдин шарттарына ылайык, айып төлөм кошуп эсептелинет.

Ошондой эле, Компаньон Банкы тышкы экономикалык шоктун терс таасиринен улам финансылык абалы начарлап кеткен кредит алуучулар үчүн штрафтык санкцияларды убактылуу колдонбойт. Ошону менен бирге, кредит алуучулар мындай таасирди тастыктай турган документтерди көргөзүшү керек.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 07:00ден 02:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 22:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар