Жаңылыктар

ӨЗБЕКСТАНДЫН ЖАНА ТАЖИКСТАНДЫН КАРТАЛАРЫН “КОМПАНЬОН” ТИРКЕМЕСИ АРКЫЛУУ ТОЛУКТАҢЫЗ

29 4 2022

“Компаньон” мобилдик тиркемесинде мындан ары Өзбекстандын Uzcard жана Humo төлөм карталарын, ошондой эле Тажикстандын Корти Милли карталарын толуктоо кызматы жеткиликтүү. Каражаттар ошол замат түшөт!

Которууну үйдөн чыкпастан, 24/7 режиминде ишке ашырууга мүмкүн. Бул үчүн, “Компаньон” тиркемесинин идентификацияланган колдонуучусу болуу зарыл. Идентификацияны Компаньон Банкынын кеңселеринде өтүүгө болот.

KGSден конвертациялоо ар бир транзакция боюнча автоматтык түрдө Өнөктөшбанктын курсу боюнча жүргүзүлөт.

Толуктоону кантип ишке ашырууга болот?

«Компаньон» тиркемесинде: 

  • “Төлөмдөр” бөлүгүнө өтүү жана “Финансылык кызматтар” дегенди тандоо керек.
  • Андан кийин керектүү кызматты тандоо зарыл:

- «Тажикстандын Корти Милли банктарынын карталарын толуктоо»

 - «Өзбекстандын  Uzcard банктарынын карталарын толуктоо»

 - «Өзбекстандын Humo банктарынын карталарын толуктоо»

 

 

  • Сумманы жана алуучунун реквизиттерин (картанын номерин) киргизүү керек. ”Корти Милли” үчүн ошондой эле, алуучунун телефон номери керек болот

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 07:00ден 02:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 22:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).

Бардык жаңылыктар