Эл аралык акча которуулар

Өзбекстан жана Тажикстандын төлөм карталарын толуктоо

Кыргызстанда “Компаньон” мобилдик тиркемеси аркылуу:

• Өзбекстандын Uzcard жана Humo;

• Тажикстандын “Корти Милли”.

Каражаттар ошол замат түшөт!

Которууну ишке ашыруу үчүн, “Компаньон” тиркемесинин идентификацияланган колдонуучусу болуу зарыл.

Толуктоону кантип ишке ашырса болот?

«Компаньон» тиркемесинде:

1. “Төлөмдөр” бөлүгүнө өтүү жана “Финансылык кызматтар” дегенди тандоо керек.

2. Андан кийин керектүү кызматты тандоо зарыл:

• «Өзбекстандын «Uzcard» банктарынын карталарын толуктоо»;

• «Өзбекстандын Humo банктарынын карталарын толуктоо»;

• «Тажикстандын Корти Милли банктарынын карталарын толуктоо».

3. Сумманы жана алуучунун реквизиттерин (картанын номерин) киргизүү керек. ”Корти Милли” үчүн ошондой эле, алуучунун телефон номери керек болот.

✓ Төлөм карталарын толуктоо кызматы 24/7 режиминде көрсөтүлөт.

✓ KGSден эсепке киргизүү валютасына конвертациялоо ар бир транзакция боюнча автоматтык түрдө Өнөктөш-банктын курсу боюнча жүргүзүлөт жана экранда түшкөн акчанын суммасы көрсөтүлөт.

Картаны толуктоо үчүн комиссия: төлөмдүн суммасынан 1%.

Лимиттер:

Өзбекстандын «Uzcard» жана Humo банктарынын карталарын толуктоо

Бир жолку төлөмдүн минималдуу суммасы - 100 сом;

Бир жолку төлөмдүн максималдуу суммасы - 24 000 сом.

Тажикстандын Корти Милли банктарынын карталарын толуктоо

Бир жолку төлөмдүн минималдуу суммасы - 20 сом;

Бир жолку төлөмдүн максималдуу суммасы - 15 000 сом.

Каалаган кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 08:00ден 00:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 20:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз.