Жаңылыктар

Компаньон Банкы "Салттарды баалоо өнөрү" аттуу маданий долбоорун ишке ашырууда

28 4 2016

Компаньон Банкы, City Life Group жана Кыргыз Республикасынын Сүрөтчүлөр Уюму Кыргызстанда жарыяланган тарых жана маданият Жылынын алкагында коммерциялык эмес “Салттарды баалоо өнөрү” долбоорун ишке ашырып жатышат. Бул долбоор өлкөнүн маданият мурасын жалпыга жайылтууга, ата мекендик көркөм өнөрчүлүккө болгон кызыкчылыкты арттырууга жана шаардын сырткы көрүнүшүн жакшыртууга мүмкүндүк берет. Долбоордун негизги  ойу- кыргыз сүрөтчүлөрүнүн бир тематика менен бириктирилген, басып чыгарылып,  көбөйтүлгөн сүрөттөрүн шаардын борборундагы аялдамаларга жайгаштыруу. Шаардыктар бир ай боюнча атактуу замандаш сүрөтчүлөр жараткан, кыргыз элинин улуттук салттарын жана өзүнчө бир башкача болгон маданиятын чагылдырган живопись сүрөттөрү менен суктана алышат.

Ошондой эле, бул долбоордун алкагында, 29 жана 30-апрелде С. А. Чуйков атындагы Сүрөтчүлөр Уюмунун, “Эмендүү Парк” атындагы көргөзмө залында “ Замандаштардын көз карашындагыэтника” көргөзмөсү болот. Бул көргөзмөгө Кыргызстандын белгилүү сүрөтчүлөрү Сатый Адышев, Адылбек Байтереков, Кадыр Беков, Ормонали Идирисов, Петр Куринских, Жыргал Матураимов, Эркин Салиев жана Бектен Усубалиев катышышат.

Бардык жаңылыктар