Кредитти алуу процесси

Кредитти алуу процесси

Компаньон тиркемесинде кредит алуу үчүн кардар төмөнкү аракеттерди ишке ашыруусу зарыл:

1. Тиркеменин башкы бетинде “Банк продуктулары” бөлүгүнөн “Кредиттер” дегенди тандоо;

2. Тизмектен “Жаңы кредит алуу” дегенди тандаңыз. 

 

3.  Кийинки терезечедеги маалымат менен таанышып, "Тапшырыкты бериңиз" баскычын басыңыз;

4. Андан кийин кредит тууралуу маалымат менен таанышып, “Макулмун” баскычын басуу керек.


5. Андан сон идентификациядан өтүү зарыл.

6. Паспорттун башкы бетин сүрөткө тартып же галереядан сүрөттү тандаңыз.

7. Паспорттун сырткы бетин сүрөткө тартып же галереядан сүрөттү тандаңыз.

8. Паспорттун сүрөтүнөн паспорттун номери/ИНН автоматтык түрдө окулат жана экранга чыгарылат, "Ырастоону" басуу керек.

         Көңүл буруңуздар!

Бул этапта паспорттун маалыматтары текшерилет, эгерде паспорт жараксыз болсо же башка адамга таандык болсо, анда ката жөнүндө маалымат чыгарылат.

 

9. Андан кийин, алдынкы камера ачылат жана колдонуучунун сүрөтү окулушу керек.

10. Идентификациялоодон ийгиликтүү өткөндөн кийин "Тапшырыкты толтуруу" баскычын басуу керек.

Көңүл буруңуздар!

Эгерде идентификациялоо процесси ийгиликтүү болбой калса, анда экранда тиешелүү билдирүү пайда болот. 

 

 11. “Тапшырык” терезечесинде тиешелүү маалыматты толтуруу зарыл:

кредиттин суммасын жана мөөнөтүн тандагандан кийин, кредит үчүн ай сайын төлөнө турган сумма жана кредиттин жалпы суммасы автоматтык түрдө эсептелинет. Тиешелүү маалыматты толтургандан “Тапшырыкты берүү” баскычын басуу керек.

 

Көңүл бургула!

 Кардардын ишмердигинин түрүнө жараша КР Социалдык фондуна суроо-талап жиберилет.  Эгерде ишмердиктин түрү текшерүүдөн өтүүнү талап кылбаса, анда тапшырык боюнча маалыматтар автоматтык түрдө Банктын кароосуна өткөрүлүп берилет.

          КР Социалдык фондунда текшерүү кардардын электрондук макулдугунун негизинде жүргүзүлөт, ага кардар жөнөкөй электрондук кол тамга, б.а. код менен кол коет.

 

12. “Ырастоонун коду” аттуу кийинки терезечеде кардар Социалдык фонддун системасында маалыматтарды текшерүүгө макулдукка кол коет.  СМСтеги кодду терип, макулдукка кол коюу зарыл;

 

13. “Статусту текшерүү” баскычын басуу менен, кардар автоматтык түрдө кредиттер бөлүгүнө өтөт.

Эгерде кардарга кредит алуудан баш тартылса, баш тартуунун себептерин "Андан кийин" баскычын басуу менен көрүүгө болот.  Кардар тапшырык менен 5 күндөн кийин кайра кайрыла алат. Кредит алууга тапшырыкты кайрадан жөнөтүү "Баш тартылды"статусун алган учурдан тартып 5 күнгө бөгөттөлөт.

Көңүл буруңуздар!

Кредит алууга тапшырыкты кайрадан жөнөтүү "Баш тартылды" статусун алган учурдан тартып 5 күнгө бөгөттөлөт.

14. Макулдук берилди статустун алганда,  "Келишимге кол коюу" баскычын басуу керек, ал учурда кредит боюнча макулдук берилген параметрлер сүрөттөлгөн жаңы терезече ачылат.

15. Андан соң документтер менен таанышып, чымчыкчаны коюу менен макулдук берүү зарыл.

16. Андан кийин СМС аркылуу келген бир жолку кодду киргизип, "Келишимге кол коюу"  басуу керек.