Жаңылыктар

КОМПАНЬОН БАНКЫ ЖАЙЛООДОГУ БАЛДАР БОРБОРЛОРУН ӨНҮКТҮРҮҮНҮ КОЛДОЙТ

15 7 2022

Компаньон Банкы 2022-жылы жайлоодогу 5 бала бакчаны ачууну колдоду. Ишчаралар “Роза Отунбаеванын демилгеси” эл аралык коомдук фондунун алкагындагы “Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору” долбоору тарабынан уюштурулууда. Билим демилгеси Банк тарабынан 8 жыл бою колдоого алынууда.

«Жайлоодогу өнүктүрүү борборлору» долбоору ата-энелери жай мезгилинде жайлоодо болгон мектеп жашына чейинки жана мектеп жашындагы балдарды өнүктүрүү максатында ишке ашырылат.

Компаньон Банкы Нарын, Ош жана Ысык-Көл облустарындагы 5 бала бакчага алардын толук кандуу иштөөсү үчүн керектүү канцелярдык товарларды алып берди. Өз сапарынын алкагында, Банктын өкүлдөрү балдар үчүн финансылык сабаттуулук боюнча ачык сабак өтүп, балдар үчүн интерактивдүү оюндарды уюштурду.

Жайлоодогу борборлор иштеген эки жай айында жыл сайын өлкөнүн бийик тоолуу, барууга кыйын аймактарындагы 300дөн ашык бала эсеп, жазуу, окуунун базалык көндүмдөрүн жана турмуштук көндүмдөрдүн негиздери менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышат. Мындан тышкары, балдар жана алардын ата-энелери үчүн ар кандай багыттар боюнча мастер-класстар дайыма өткөрүлүп турат.

Компаньон Банкы кардарлардын жана коомчулуктун экономикалык жана социалдык бакубатчылыгын жогорулатууга, ошондой эле өлкөнүн бардык калкынын финансылык кызматтарга жеткиликтүүлүгүн, курчап турган чөйрөнүн сакталышын камсыз кылууга көмөктөшкөн социалдык-жоопкерчиликтүү финансылык кызматтарды сунуштайт.

Компаньон Банкы коомдун социалдык өнүгүүсүн анын финансылык туруктуулугу менен байланыштырууга умтулат.

Бардык жаңылыктар