Жаңылыктар

АРМЕНИЯ, МОЛДОВА, ТҮРКМӨНСТАН, АЗЕРБАЙЖАНДАГЫ КАРТАЛАРЫН “КОМПАНЬОН” ТИРКЕМЕСИ АРКЫЛУУ ТОЛУКТАҢЫЗ

29 6 2022

Компаньон Банкы дайыма кардарлары үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүдө. Эми “Компаньон” мобилдик тиркемесинде жаңы кызматтын аркасында Армения, Молдова, Түркмөнстан, Азербайжандагы каалаган банктын Visa жана Mastercard төлөм карталарын заматта толуктай аласыз.

Которууну үйдөн чыкпастан, 24/7 режиминде ишке ашырууга мүмкүн. Бул үчүн, “Компаньон” тиркемесинин идентификацияланган колдонуучусу болуу зарыл.

Толуктоону кантип ишке ашырууга болот?

«Компаньон» тиркемесинде:

1.“Төлөмдөр” бөлүгүнө өтүп, “Финансы кызматтары” дегенди тандоо керек.

2. Андан кийин, керектүү кызматты тандоо зарыл:  

  • Азербайжандын банктарынын карталарын толуктоо; 

  • Армениянын банктарынын карталарын толуктоо; 

  • Молдованын банктарынын карталарын толуктоо; 

  • Түркмөнстандын банктарынын карталарын толуктоо. 

3. Алуучунун реквизиттерин жана сумманы киргизүү керек (картанын номери сырткы бетинде).

KGSден конвертациялоо ар бир транзакция боюнча автоматтык түрдө Өнөктөшбанктын курсу боюнча жүргүзүлөт.

Лимиттер: 

Бир жолку толуктоонун минималдуу суммасы: 100 сом. 

Бир жолку толуктоонун максималдуу суммасы: 80 000 сом. 

“Компаньон” тиркемеси аркылуу Россиянын, Казакстандын, Украинанын, Өзбекстандын жана Тажикстандын карталарын толуктоо кызматы жеткиликтүү экенин эскертебиз.

За любой дополнительной информацией обращайтесь в Службу поддержки клиентов по телефонам: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (звонок с мобильных операторов КР бесплатный). 


Бардык жаңылыктар