Сиз көптөн бери телефон, унаа же үй-бүлөңүз менен чет өлкөдө эс алуу үчүн акча топтоюн жүрдүңүз беле? Күтпөй баштаңыз! Биз сизге бүгүндөн баштоону сунуштайбыз, анткени Компаньон Банкынын депозиттери менен сиз кичинекей суммадан да үнөмдөөнү баштасаңыз болот.
Кандайдыр бир сумманы үзгүлтүксүз топтоону баштоо канчалык кыйын экенин билебиз. Мына ошондуктан депозит ачуу сизди тартипке салууга жардам берет жана кирешеңиздин, мисалы, 10 пайызын бөлүүгө үйрөтөт. Сиз сатып алайын деп жүргөн буюм үчүн акчаңызды топтоо менен тим болбостон, Компаньон Банкынан сом менен жылына 14,5 пайызга чейин кепилденген кирешеге ээ болосуз.
Сиздин акчаңызды үнөмдөө жана көбөйтүү үчүн ыңгайлуу жана ишенимдүү жолдорун сунуштайбыз. Сиздин муктаждыктарга ылайыктуу депозиттин түрүн тандап, шилтеме аркылуу кызыктырган аманаттын баракчасына өтүңүз. Депозиттик калькулятордун жардамы менен чогула турган акчанын суммасын эсептеңиз:
- Жеке жактар үчүн «Топтолуучу» депозит;
- Жеке жактар үчүн «Пенсиялык» депозит;
- Жеке жактар үчүн “Компаньон” депозити;
- Жеке жактар үчүн «Мөөнөөттүү» депозит;
- Юридикалык жактар үчүн «Мөөнөөттүү» депозит.
Компаньон Банкынын депозиттеринин артыкчылыктары:
- Жагымдуу пайыздык чендер;
- Каалаган ыңгайлуу убакта толуктоо;
- Онлайн ачуу жана толуктоо мүмкүнчүлүгү;
- Кардарлардын салымдары ишенимдүү корголот жана Депозиттерди коргоо боюнча мамлекеттик агенттик тарабынан камсыздандырылат;
- Банк бир миллиард сомдон ашык уставдык капиталга ээ жана келишимдердин шарттарына ылайык бардык кардарларга депозиттер боюнча пайыздарды кошуп эсептөө жана төлөөгө кепилдик берет.
Депозит ачкандан кийин, ай сайын кеңсеге келиштин кереги жок. Сиз үйүңүздөн чыкпастан, дистанциялык кызматтары аркылуу өз эсебиңизди башкарып, депозитти толуктай аласыз:
- "Компаньон” мобилдик тиркемеси;
- Интернет-банкинг жана мобилдик банкинг;
- Компаньон Банкынын төлөм терминалдары жана Pay24, QuickPay, UMAI, О!, Оңой, MegaPay, Unipay өнөктөш терминалдары. Сиз бул терминалдар аркылуу депозиттерди толуктай аласыз.
- Мындан тышкары, депозиттик эсепти башка электрондук капчыктар: О!деньги, Balance, Megapay, Элкарт, МВank, Optima 24, My-Halyk, РСК 24, Элсом жана мобилдик банкинг аркылуу толтура аласыз.
Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз.