Жаңылыктар

МИНУСКА КЕТПЕШ ҮЧҮН РФдан КРга КОТОРУУЛАРДЫ КАНТИП ЖАСОО КЕРЕК?

9 3 2022

Компаньон банкы Россиядан Кыргызстанга картанын номери боюнча акча которууну жүргүзгөндө, россиялык банктардын валюталар курсун, ошондой эле “Мир” системасын колдоно тургандыгын маалымдайт. Мындан тышкары, операцияны иштетүү курсу которууну жөнөткөн убактагы курстан айырмаланышы мүмкүн. Ушул себептерден улам, курстун айырмасына байланышуу которуу келген жана накталанган карта минуска кетип калышы мүмкүн.

Буга байланыштуу, кардарларга которууларды “СберБанк Онлайн” тиркемеси аркылуу, телефон номери боюнча ишке ашырууну сунуштайбыз. Бул учурда Компаньон банкы орноткон курс колдонулгандыктан карталар минуска кетпейт.

"СберБанк Онлайн" тиркемеси аркылуу телефон номери боюнча акча которууну кантип жасоого болот:

  • Тиркеменин башкы менюсунда “Төлөмдөр” дегенди тандоо; 
  • “Телефон номери боюнча” дегенди тандоо; 
  • “Кыргызстан” деп, өлкөнү белгилөө; 
  • Картага жөнөтүү үчүн, алуучунун картага байланган телефон номерин терүү керек; 
  • “Компаньон” тиркемесине жөнөтүү үчүн мобилдик тиркеменин номерин терүү жана "Компаньон Капчыгы" дегенди тандоо зарыл; 
  • Которуунун суммасын жазып, алуучунун аты-жөнүн текшерип туруп, төлөмдү ырастоо зарыл.

Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына иш күндөрү 08:00ден 00:00го чейин, эс алуу күндөрү 08:00ден 20:00го чейин 0 (312) 33-88-00, 88 00 телефон номерлери аркылуу кайрылыңыздар (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз.

Бардык жаңылыктар