Жаңылыктар

АМАНАТТАР БЕКЕМ КОРГОЛУУДА

15 4 2020

Урматтуу кардарлар!

Компаньон Банкынын кардарларынын аманаттары бекем корголгон жана  Депозиттерди коргоо боюнча агенттиги тарабынан камсыздалган. Бир миллиард сомдон ашык уставдык капиталы бар Компаньон Банкы учурда түзүлгөн экономикалык кырдаалда стабилдүү финансылык туруктуулугуна жана аманаттар боюнча пайыздарды ар бир кардарына келишимге ылайык өз убагында төлөп берүүгө кепилдик берет.


Компаньон Банкынын кардарлары банктык эсептериндеги жеке каражаттарды Банктын кеңселерине келбестен коопсуз башкаруу мүмкүнчүлүгүн берген аралыктан тейлөө кызматтары 24/7 режиминде иштейт.

Андан тышкары, аманатты үйдөн чыкпастан ачуу жана толуктоо кызматы жеткиликтүү!

Аралыктан көрсөтүлүүчү кызматтарды Банкка келбестен Кардарларды колдоо кызматы аркылуу кошуңуз:

-88 00 (уюлдук телефондон чалуу акысыз)
-WhatsApp +996 770 33 88 00
-www.kompanion.kg сайтындагы онлайн-чат

Жеткиликтүү дистанттык кызматтарынын тизмеси

  • Компаньон электрондук капчыгы
-Эсебиңиз/депозитиңиз боюнча каражаттардын жылышына көз сала аласыз,
-Депозитиңиз боюнча пайыздардын чегерилишине көз сала аласыз,
-Депозитти толуктай аласыз.

  • Интернет-банкинг жана мобилдик банкинг - бул кызматты кошуп алсаңыз төмөнкү мүмкүнчүлүктөргө ээ болосуз:
-Депозит сактыгын/бар экендигин текшерүү;
-Депозит боюнча чегерилген пайыздарды банктык картага өз алдынча которуу;
-Өтө зарыл болгон учурда депозитти жабуу;
-Депозиттеги каражаттарды банктык картага алдын ала которуп, банкомат аркылуу чечип алуу.

Эсептешүү, депозиттик жана карталык эсептерди сизди мурун тейлөөчү  Банктын кеңсесине карабастан  кайсы болбосун Банктын кеңсесинде тейлөө мүмкүн. 

Бүткүл Кыргызстан боюнча Банктын кеңселеринин иштөө убактысы тууралуу маалымат менен төмөнкү шилтемеден таанышыңыз: https://www.kompanion.kg/kg/map/branch

Кардарларды колдоо кызматы: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын  уюлдук операторлорунун номерлеринен чалуу акысыз). 

Бардык жаңылыктар