Кредиттер

Жашыл бизнес-кредити

Компаньон Банкы айлана-чөйрөгө терс таасирин азайтууга багытталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ишкерлерге жашыл бизнес-кредиттерди сунуштайт.

Жашыл бизнес кредиттеринин артыкчылыктары:

  • ишкерлер үчүн узак мөөнөттүү экономикалык жана экологиялык пайда;
  • энергия чыгымдарын азайтуу;
  • ден соолукка жана экологияга карата коркунучтарды азайтуу;
  • экологиялык жоопкерчиликтүү компания репутациясын түзүү.

Кредиттин шарттары

Кредиттин суммасы: 5 000 ден 8500 000 сомго чейин.

  • 100 000 сомго чейин күрөөсүз жана кепилдиксиз: кредит алуу үчүн кайрылган күнгө карата акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар кардарлар үчүн.
  • 250 000 сомго чейин күрөөсүз жана кепилдиксиз: кредит алуу үчүн кайрылган күнгө карата акыркы 12 ай ичинде оң кредиттик тарыхы бар "Компаньон Банкы" ЖАКтын кайтадан кайрылган кардарлары үчүн

Кредиттин мөөнөтү: 3 айдан 60 айга чейин.

Камсыздоо катары "Компаньон Банкы" ЖАКтын депозиттик эсептеринде турган акча каражаттары белгиленген кредиттер боюнча кредиттин мөөнөтү 1 айдан баштап, депозиттин мөөнөтүнөн ашпоого тийиш.

Номиналдуу пайыздык чен: 21%дан башталат.

Натыйжалуу пайыздык чен: 23,33% дан башталат.

Камсыздоо: кыймылдуу жана/же кыймылсыз мүлк жана кепилдик

Максатсыз пайдалануу үчүн айып: 250 000 сомдон жогору кредиттер боюнча суммадан 3%.

Кредитти накталай берүү үчүн комиссия Банктын тарифтерине ылайык.

Жашыл керектөө кредити төмөнкү максаттарга берилет:

  • Моторсуз же аз көмүртектүү транспортту сатып алуу (велосипеддер, скутерлер, электромобилдер жана башка),
  • Таштандыларды сорттоо/кайра иштетүүгө даярдоо,
  • Күн панелдерин, жылыткычтарды, жылуулук насосторун жана кайра жаралуучу энергиянын башка булактарын орнотуу,
  • Дыйканчылык үчүн жабдууларды, инвентарларды жана материалдарды сатып алуу,
  • Тамчылатып сугаруу жана гидропоникалык системаларды орнотуу,
  • Тракторлорду, комбайндарды, чачкычтарды, экскаваторлорду жана башка айыл чарба жабдууларын сатып алуу,
  • Күнөскана куруу жана уюштуруу, суу үчүн цистерналарды, биожерсемирткичтерди, атайын кийимдерди, полиэтилен пленкаларын ж. б. сатып алуу,
  • Жогорку өндүрүмдүү малды сатып алуу жана багуу,
  • Эт өндүрүү, канаттуулар чарбасы, тоют өндүрүү,
  • Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү: эгин сактоочу бастырмаларды, кампаларды куруу/оңдоо,
  • Жана жашыл каржылоого ылайык болгон башка максаттар.

Ким кредитти ала алат:

18 жаштан 68 жашка чейинки жеке жактар жана индивидуалдуу ишкерлер:

  • Кыргызстандын паспорту бар
  • патенттин негизинде бизнес жүргүзгөн индивидуалдуу ишкерлер
  • юридикалык жактар.

Бизнес 3 айдан кем эмес убакыт иштеген болушу керек. Агробизнес үчүн иш мөөнөтү: бирден кем эмес айыл чарба циклы. Ошондой эле бирден ашык киреше булагынын болушу сунушталат.

Кандай документтер керектелет?

  • Кредит алуучунун (ID карта), кепилдин жана күрөө берүүчүнүн (эгерде күрөө бар болсо) паспорту.
  • Кредит алуучунун жана кепилдин кирешелерин ырастоочу документтер;
  • Күрөө мүлк документтери (эгерде күрөө бар болсо) – кыймылсыз мүлктүн техникалык паспорту, кыймылсыз мүлктүн укук белгилөөчү документтери, транспорттук унааны каттоо тууралуу күбөлүгү ж.б.
  • Банктын талабы боюнча кредиттин түрүнө байланыштуу башка документтер.

Кредитти кантип төлөөгө болот?

  •  «Компаньон» тиркемесинде;
  • Компаньон Банкынын жана өнөктөштөрдүн төлөм терминалдарында: UMAI, Pay24, О!, QuickPay, Оңой, Optima Bank, Capital Bank, Doscredobank, MEGA, Halyk, Balance, Bakai Bank, MBank, FINCA Bank, Эко Исламик Банк;
  • Электрондук капчыктар аркылуу: О!Деньги, Balance, Элкарт Мобайл, Namba One, РСК24, UMAI Кошелек, Halyk, MegaPay, Optima24, Bakai24, АБ24, Элсом, FINCA Bank, MBank, Doscredobank;
  • Компаньон Банкынын агенттери аркылуу;
  • Компаньон Банкынын кассасында.

Тарифтер жана оферта

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 24.01.2024 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кредиттик келишимди түзүүгө карата коомдук оферта 01.02.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кардарлардын жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери  01.02.2022 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн

Кардарлардын жөнөкөй электрондук колтамганы колдонуу эрежелери 10.08.2023 ж. баштап түзүлгөн келишимдер үчүн.

Өтүнмөнү толтуруу

Насыянын наркын эсептөө

мес.

Насыяны төлөө графиги

Бул эсептөөлөр мисал катары келтирилген. Насыянын так эсептөөлөрүн насыя адистерибизден ала аласыз

Өтүнмөнү толтуруу