Компаньон мобилдик тиркемесинде сиз россиялык банк тарабынан чыгарылган каалаган карталарды заматта толуктай аласыз.
Каражаттар онлайн режиминде бир заматта которулат!
Россия банктарында чыгарылган төлөм карталарын Кыргызстандан кантип толуктаса болот:
- Компаньон тиркемесин ачып, башкы бетке өтүңүз.
- "Которуулар" бөлүмүндө " Чет аралык которуулар " пунктун тандаңыз.
- "Россия карталарын толуктоо" пунктун тандаңыз.
- •Төлөм жүргүзүлө турган эсепти тандап, алуучунун картасынын номерин (картанын алдыңкы бетиндеги номер) киргизиңиз.
- Сом менен которула турган сумманы киргизиңиз.
- Чоо-жайын, суммасын, алмашуу курсун жана комиссияны текшериңиз.
- "Төлө" баскычын басыңыз.
Комиссия жана конвертация:
- Комиссия толуктоо суммасына карабастан 2% түзөт.
- Толуктоо 24/7 жеткиликтүү.
- Кыргыз сомунан россиялык рубльга конвертациялоо ар бир транзакция боюнча автоматтык түрдө Банктын атайын курсу боюнча жүзөгө ашырылат.
- Төлөмдү ырастаганга чейин жөнөтүүчү алмашуу курсун көрөт.\
Чектөөлөр:
Толуктоонун максималдуу суммасы: бир транзакция үчүн 15 000 сом, күнүнө 50 000 сом жана айына 500 000 сом.
Бир эсеп боюнча транзакциялардын саны боюнча чектөөлөр: күнүнө 10 жолуга чейин жана айына 50 жолуга чейин.
Кошумча маалымат алуу үчүн Кардарларды колдоо кызматына кайрылыңыздар: 0 (312) 33-88-00, 88 00 (КРнын мобилдик операторлорунан чалуу акысыз).