Жаңылыктар

«КОМПАНЬОН БАНКЫ – КАРЖЫ СЕКТОРУНДАГЫ ТРАНСФОРМАЦИЯНЫН ЖАРКЫН МИСАЛЫ»

18 4 2024

Компаньон Банкы 2024-жылдын 17-апрелинде Марокконун Схират шаарында өткөн микрокаржылоонун келечеги боюнча маанилүү иш-чарага катышты. Иш-чараны Европа инвестициялык банкы (EIB) уюштуруп, ага FNAM микрокредиттик ассоциациялардын улуттук федерациясы, Аль-Магриб Банкы (BAM) жана JAIDA Фонду катышкан. Иш-чарага Марокконун микрокаржылоо секторунун өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер чогулушту.

Иш-чарада Компаньон Банкынын Башкармалыгынын Төрайымы Маргарита Черикбаева сөз сүйлөп, Компаньон Банкын трансформациялоо тажрыйбасы менен бөлүштү. Төрайым Банк туш болгон негизги өзгөрүүлөргө токтолуп, ошондой эле Банктын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга алып келген жетишкендиктер менен бөлүштү. Компаньон Банкынын трансформациялоо тажрыйбасы өзгөрүүлөрдү ийгиликтүү ишке ашыруунун үлгүсү болуп, башка катышуучуларды микрокаржылоо секторун трансформациялоого шыктандырды.

“Компаньон Банкынын трансформациялоо тажрыйбасы инновациялардын маанилүүлүгүн гана эмес, стратегиялык туруктуулуктун маанилүүлүгүн баса белгилеген каржы секторун ийгиликтүү өзгөртүүнүн жаркын мисалы болуп саналат. Биздин тажрыйбабыз чечкиндүү жана инновациялык ыкмаларды колдонуу кыйынчылыктарды жеңүүгө гана эмес, заманбап экономикалык чөйрөдө узак мөөнөттүү туруктуулукту түзүүгө өбөлгө болорун айгинелейт.” – деди Компаньон Банкынын Башкармалыгынын Төрайымы Маргарита Черикбаева.

Талкуулардын алкагында Мароккодогу микрокаржылоо секторунун маанилүү аспекттери, анын ичинде сектордун учурдагы абалы жана келечектеги өнүгүү пландары каралды. Дүйнөлүк масштабда прогресске өбөлгө түзгөн жаңы бизнес моделдерге жана технологиялык инновацияларга өзгөчө көңүл бурулду. Бул маселелерди талкуулоо тажрыйба жана идеялар менен алмашууга, ошондой эле өлкөдөгү микрокаржылоо кызматтарын жакшыртууга жаңы ыкмаларды издөөгө өбөлгө түздү.

Бардык жаңылыктар