Урматтуу кардарлар,
Компаньон Банкы расмий веб-сайттын жаңылануусу жөнүндө кубаныч менен кабарлайт! 26-апрелден баштап Банктын жаңы, өркүндөтүлгөн веб-сайты сиздерге сунушталат, ал мундан дагы жагымдуу, ыңгайлуу жана функционалдык болуп калат.
Сайттын дареги өзгөрүүсүз калат: www.kompanion.kg. Жаңы сайт сиздин ыңгайлуулугуңуз үчүн заманбап дизайнды, жеңил навигацияны жана кеңейтилген функцияларды сунуштайт.
Биз сиздин Компаньон Банкына болгон ишенимиңизди баалайбыз жана биз менен болгон тажрыйбаңызды мындан да жакшыраак кылууга умтулабыз.