kompanion-logo

Акчаңызды алдамчылардан кантип коргоо керек?

​Алдамчыларды кантип таануу жана акчаңызды коргоо боюнча кеңештер

Компаньон Банкы кардарларынын каражаттарын коргоого кам көрөт жана сиздин маалыматыңыздын коопсуздугуна кепилдик берет.

Баннер страницы безопасность

Банктан же милициядан чалып, сиздин жеке маалыматыңызды

талап кылып жатса, эмне кылуу керек?


• Биринчиден, шашылбаңыз жана бир аз тыныгуу алыңыз. Шылуундар чалууну токтотуп салуу же жакындарыңыз менен кеңешүү мүмкүнчүлүгүн бербөө үчүн сизди шаштырышы мүмкүн. Эгерде чалып жаткан тарап сизди өтө шаштырып жатса — бул кооптуу белги.

• Жеке маалыматыңызды ЭЧ КИМГЕ айтпаңыз жана белгисиз эсептерге акча которбоңуз. Банк дагы, милиция дагы сиздин картаңыздын номерин сурабайт. Ал эми шылуундар сиздин туугандарыңыздын же досторуңуздун үнүн, видеолорун окшоштуруп, сизди алдоого аракет кылышы мүмкүн.

Кайрадан бир сыйра чалып, маалыматты тактап коюңуз. Бул ашыкча болбойт.

• Эгер сизге шылуундар чалып жатканын шектенсеңиз, дароо чалууну токтотуңуз жана милицияга же кардарларды колдоо кызматына 88 00 номери боюнча чалыңыз.


Фишинг. Шылуундардын тузагынан кантип сактанууга болот


Фишинг — алдоонун дагы бир түрү. Бул учурда шылуундар жасалма сайт түзүп же кыска билдирүүлөрдү жиберип, сиздин жеке маалыматыңызды алууга аракет кылат. Мисалы, банктын атынан имиш сизге кат жөнөтөт.

Сиздин жеке маалыматка жана акчаңызга ээлик кылыш үчүн шылуундар жасаган сайт расмий сайттарга максималдуу окшош.


Фишинг сайтын кантип айырмалоого болот?

1. Компания тууралуу маалыматтын жоктугу

Жасалма сайттарда көпчүлүк учурда сатуучу же кызмат тууралуу маалымат жок болот. Сайтта байланыш үчүн маалымат, колдонуучулук келишим, төлөө шарттары жана жеткирип берүү сыяктуу маалыматтын бар же жок экенине көңүл бурушуңуз абзел.


2. Дизайнда болгон катачылыктар

Жасалма сайттарды сейрек учурда сапаттуу жасашат. Анткени алардын иши кыска мөөнөткө каралган. Эгер сиз орфографиялык каталарды же даталарда, аталыштарда, сүрөттөрдө келишпестиктерди байкасаңыз, анда бул кооптуу белги.


3. Жеке маалыматты суроо

Картанын номерин, паспортуңуздагы маалыматты же башка сервистердеги сыр сөздөрдү эмнеге сурап жатканын ойлонуп көрүңүз. Мисалы, “Компаньон” тиркемесиндеги өздүк баракчага кирүү үчүн мындай маалымат талап кылынбайт.


4. Сайттын адреси

Домендик атын текшериңиз. Ал жөнөкөй жана түшүнүктүү болушу зарыл. Эгер сайттын адресинде чоочун символдор болуп, кошулуу «https» же кулпу белгиси менен корголбосо, анда сиз кирген сайт шылуундардыкы болушу мүмкүн.


5. Ѳтө кызыктырган сунуштар

«Тезирээк өтүңүз!», «Акция 24:00 гө чейин уланат» же «Сатып түгөтүү 2 саат 42 мүнөттөн кийин бүтөт» сыяктуу сөздөр адамды шашылыш кадамдарга түртөт. Шашылбаңыз — маалыматты компаниянын расмий сайтынан текшериңиз.


6. Маалымат же кардар менен байланыштын жоктугу

Онлайн-сервистердин дагы физикалык адреси жана байланыш үчүн маалыматы болушу зарыл. Эгер байланыш бир тараптуу гана болсо, бул шектүү. Жеке номериңизди шектүү сайттарда калтырбаңыз — сизге шылуундар чалышы мүмкүн.


Фишингтен кантип коргонууга мүмкүн?

• Сайттын дизайнына көңүл буруп, каталарга көз салыңыз

• Шектүү сайттарга жеке маалыматыңызды киргизбеңиз.

• Сайттын адреси «https» менен башталып, жанында кулпу белгиси бар экенине ынаныңыз.

• Фишингтен коргоосу бар антивирусту орнотуңуз.

• Шашылыш акция сыяктуу куулуктарга алданбаңыз.


Жеке маалыматты киргизүүдөн мурда сайтты текшерип, өзүңүзгө сак болуңуз.


Социалдык инженерия деген эмне?

Сиздин жеке маалыматка ээ болуу үчүн же өздөрү каалаган кадамдарды жасатуу үчүн шылуундардын манипуляциясы. Мисалы:

• сизге чалып, банктын адисимин деп айтып, картаңыздын маалыматын сурашат.

• сиздин тууган же досуңузмун деп айтып, шашылыш түрдө айтылган эсепке акча которууңузду суранышат.


Коргонуунун 5 жөнөкөй жолу:

1. Шылуундардын иштөө жолун билүү

Сиз күнүмдүк жашооңузда жасабай турган ишти жасатыш үчүн шылуундар ар түрдүү куулуктарга барышат. Мисалы, банктан чалып жатап деп айтып, эсебиңизде шектүү активдүүлүк жүрүп жатканын айтат жана картаңыздын маалыматын сурашат. Же болбосо туугандарыңыздын үнүн жасалмалап, тааныштарыңыздын соцтармактагы аккаунттарын уурдап, сизге ошолордун атынан жазышат жана шашылыш түрдө жөнөтүлгөн эсепке акча которууну суранышат.


2. «Жок» деп айтуудан тартынбаңыз

Эгер бейтааныш адам менен болгон маек сизге ыңгайсыздык жаратса, маекти токтотуңуз жана шектүү сунуштарга «Жок» деп айтуудан тартынбаңыз.


3. Көңүл буруңуз 

Жеңил акча тууралуу сунуштарга ишенбеңиз. Эч качан жеке маалыматыңызды бейтааныш адамдарга же уюмдарга бербеңиз. Чалуу кайсы номерден келип жатканын текшериңиз.


4. Шылуундарга алданып калсаңыз эмне кылуу керек?

Эгер шылуундарга алданып калсаңыз, төмөнкү кадамдарды аткарыңыз:

• Дароо милицияга кайрылыңыз.

• Банктын ишеним телефонуна кайрылыңыз.

• Тынч жана шашылбастан иш кылыңыз.


5. Ѳзүңүздү жана жакындарыңызды угуңуз

• Ѳзүңүздүн интуицияңызды угуңуз: эгер бир нерсе шектүү сезилип жатса, бир аз тыныгуу алыңыз.

• Сизди шаштырып, моралдык жактан басым көрсөтүп, чалууну токтотууга шарт бербей жатса — бул шылуундар.

• Досуңузга чалып же үй-бүлөңүз менен кырдаал тууралуу сүйлөшүңүз.

Эсиңизде болсун:

чыныгы милиция же банк кызматкерлери сизге жеке номерден же мессенджер аркылуу чалбайт. Сизди бирөө алдайын деп аракет кылып жатса, дароо чечим чыгарбастан, маалыматты тактаңыз.


Социалдык инженериядан кантип коргонуу керек?


Жеке маалыматыңыз шылуундардын колуна түшүп калбашы үчүн төмөнкү 10 кадамды аткарыңыз:

1. Жеке маалыматты иштетүү тууралуу келишимди окуңуз

Жеке маалыматты иштетүүнүн максатын ар дайым кунт коюу менен таанышыңыз. Эгер жазылган шарттар сизди канааттандырбаса — макулдук бербеңиз.


2. Сыр сөз жана коргоо тиркемелерин колдонуңуз

Уюлдук телефонуңузга ишенимдүү сыр сөз орнотуңуз. Ошондой эле жоготуп алган учурда сырттан маалыматты өчүрүүгө мүмкүн болгон тиркемелерди колдонуңуз.


3. Соцтармактагы купуялуулугуңузду камсыздаңыз

Жеке маалыматыңыздын көрүнүшүн чектеп, жакын досторуңуздан башка адамдарга көрсөтпөңүз.


4. Антивирусту үзгүлтүксүз жаңылаңыз

Бул сиздин буюмдарыңызды коркунучтардан коргоп калууга көмөктөшөт.


5. Катталып жатканда минималдуу жеке маалыматты көрсөтүңүз

Онлайн-сервистерде катталып жатканда кызмат алууга керектүү болгон гана жеке маалыматты киргизиңиз. Мисалы, паспорттогу маалымат талап кылынбаса аны жазбаңыз.


6. Онлайн-дүкөндөрдү текшериңиз
Банктык картадагы маалыматты киргизүүдөн мурда дүкөн ишеничтүү экенине ынаныңыз.


7. Ашыкча маалымат менен бөлүшпөңүз

Соцтармактагы өздүк баракчаңызда ашыкча жеке маалымат бербеңиз, паспорт ж.б. документтердин сүрөтүн жүктөбөңүз. Мессенджер аркылуу дагы мындай маалымат менен бөлүшпөңүз.


8. Браузерде сыр сөздөрдү сактабаңыз
Андан көрө атайын тиркеме менен колдонуңуз.


9. Сайттар чогулткан cookie файлдарын тазалаңыз
Ѳзүңүздүн жеке маалыматты үчүнчү тараптын колдонуусунан коргоо үчүн үзгүлтүксүз cookie файлдарын тазалап туруңуз.


10. Браузерде инкогнито режиминде иш жүргүзүңүз

Бул сиз тууралуу маалымат чогултууну минималдык кылууга жардам берет.


Дипфейк: шылуундардын тузагына кантип түшүп калбоо керек

Дипфейк — жасалма интеллекттин жардамы менен видео, сүрөт жана аудио жасоого жардам берген заманбап технология. Биринчи көргөндө же укканда чыныгы сыяктуу сезилет, бирок шылуундар тарабынан адамды алдоо жана акча, жеке маалыматты билүү үчүн колдонулат.


Шылуундар:

• үй-бүлө мүчөлөрү же досторуңуздун бети менен дипфейк жасап, акча которууну суранышат
• белгилүү инсандар менен видео жаратып, инвестиция ж.б. финансылык кызматтарды сунушташы мүмкүн
• сиздин бетиңиз менен сүрөт же видео жаратып, көпчүлүккө таратам деп коркутуп, акча талап кылышы мүмкүн.

location

Ошондуктан этият болуңуз жана АР ДАИМ маалымат булактарын текшериңиз.

Эгер сиз жарнамалык видео же билдирүү көрсөңүз, аны Компаньон Банкынын расмий сайтынан же 88 00 номерине чалып тактаңыз.

location

Сиздин коопсуздугуңуз — биздин артыкчылыгыбыз!

Компаньон Банкы өз кардарларын алдамчылыктан коргоо максатында жаңы алдамчылык түрлөрү тууралуу маалыматты өз убагында банктын расмий сайтына жана социалдык тармактардагы расмий баракчаларга жайгаштырып турат. Этият болуңуз.

Эгер сиз шектүү аракеттерди байкасаңыз, дароо 88 00 номерине чалып Клиенттерди колдоо кызматына кабарлаңыз.