kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • CVV/СVC деген эмне жана аны эмнеге сиз гана билишиңиз зарыл?

Банк жаңылыктары

CVV/СVC деген эмне жана аны эмнеге сиз гана билишиңиз зарыл?

жалган куран айы 20, 2025

Эгерде банк картаңыз бар болсо анын аркасындагы 3 кичинекей санды кѳргѳн чыгарсыз. Бул CVV же СVС коду — интернетте тѳлѳм жүргүзүү үчүн кошумча коргоо. Аны колдоно билүү жана эч кимге айтпоо керектигин билүү каражатыңыздын сактыгы үчүн керек.

CVV/СVC код деген эмне?

CVV (Card Verification Value) жана CVC (Card Verification Code) — картаңыздын арткы бетиндеги 3 сан. Алар интернетте тѳлѳм жүргүзүүдѳ карта ээсинде экенин тастыктоо үчүн керек.

Эгерде сиз бирѳѳгѳ акча которууну же сатып алууну онлайн жүргүзүүнү кааласаңыз бул код сиздин транзакцияңызды кошумча коргоого кѳмѳктѳшѳт.

CVV код башкалардан эмнеси менен айырмаланат?

Бул коддун башкача белгилѳѳлѳрү дагы бар:

• CVV — Visa карталарында.

• CVC — Mastercard карталарында.

• CID — American Express карталарында (бул код 4 сандан турат жана картанын астыңкы бетинде жазылат).

Бул коддун баары бирдей иштейт жана сиздин коопсуздугуңузду камсыздайт.

CVV/CVC код кайсы жерде жайгашкан?

Физикалык карталарда

Эгер сизде Visa жана Mastercard карталары бар болсо, картанын арткы бетин караңыз. Кол кою бѳлүмүнүн жанында 3 санды кѳрѳсүз. Бул сиздин CVV/CVC кодуңуз.

Виртуалдык карталарда

Виртуалдык карталар үчүн бул код банктын уюлдук тиркемелиренде жазылган. Код картанын башка реквизиттери менен чагылдырылган. Мисалы, Kaspi же Сбербанк сыяктуу уюлдук тиркеме аркылуу акча котором десеңиз, бул код сизге керек болот.

CVV/CVC код кайсы учурда колдонулат?

• Онлайн соода-сатык жүргүзгѳндѳ.

• Уюлдук тиркемеге же электрондук капчыкка картаңызды кошкондо (мисалы, Google Pay).

• Картадагы маалыматты талап кылган жазылуулар үчүн.

Кошумча коргоо

Кѳпчүлүк банктар онлайн соода-сатыкты жүргүзүүнү аягына чыгарыш үчүн СМС аркылуу тастыктоо кодун жиберет. Бул акчаңызды шылуундардан сактап, кошумча коргоо үчүн жасалган. Бул маалыматка Россиядан Кыргызстанга акча которуу маалында ѳзгѳчѳ кѳңул бурушуңуз абзел.

Эмне үчүн CVV/CVC код сизге гана маалым болгон сыр боюнча калыш керек?

Сизге бирѳѳ чалып, акча которот элем деп CVV кодуңузду сурап жатабы? Бул шылуундар. Банк кызматкерлери мындай маалыматты эч качан сурабайт.

Коопсуздугуңуздун негизги эрежелери:

• Үчүнчү жактарга CVV/CVC кодуңузду эч качан айтпаңыз. Чалган киши “Банк кызматкеримин” деп айтсадагы дагы

• Кодуңузду мессенджер жана телефон аркылуу жибербеңиз

• Сайт же уюлдук тиркеме шектүү болуп сезилип жатса, картаныздагы маалыматты киргизбениз.

Код башка бирѳѳлѳрдүн колуна түшүп калса эмне кылуу керек?

1. Картаңызды уюлдук тиркеме аркылуу же ишеним телефонуна чалып, блокко коюңуз.

2. Колдоо кызматы менен байланышып, кырдаалды түшүндүрүңүз.

3. Акчаңызды сактап калуу үчүн жаны карта чыгартыңыз.

CVV жана CVC код — бул сиздин жеке коопсуздугуңуз. Кодду текшерилген гана сайтта колдонуп, эч кимге айтпаңыз. Жана дагы маалыматты киргизип жатканда сак болуңуз.

Эгер Кыргызстандан Россияга акча которууну кааласаңыз же Сбербанктын картасына акча жѳнѳтүүнү кааласаңыз, дайыма транзакциянын коопсуз болушун текшериңиз.

Бул жѳнѳкѳй кадамдар акча которууну коопсуз кылып, онлайн соода-сатык жүргүзүү жана каражатыңыз үчүн бейпил болууга жардам берет.  

FAQ

CVV/CVC код деген эмне жана картанын кайсы жеринен издѳѳ керек?

Картаңыздын арткы бетинде жазылган 3 сан. Виртуалдык картанын кодун кѳрүү үчүн банктын уюлдук тиркемесине кирүүңүз зарыл.

Онлайн соода жүргүзүүдѳ CVV/CVC кодду айтууга болобу?

Текшерилге жана коргоого алынган (https байланышы менен) сайттарда гана колдонуңуз.

CVV/CVC код башкаларага маалым болуп калганда эмне кылуу керек?

Картаңызды блокко коюп, жаны карта алуу үчүн банк менен байланышыңыз.

Виртуалдык карта үчүн CVV/CVC коду керекпи? Ооба, онлайн тѳлѳм жүргүзүү үчүн шарттуу түрдѳ керек.

Компаньон Банкы менен сиздин акчаңыз ишенимдүү корголгон!

Бөлүшүү