- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- Керектөө кредити деген эмне жана ал кантип иштейт?
Банк жаңылыктары
.png&w=3840&q=75)
Керектөө кредити деген эмне жана ал кантип иштейт?
Элестетип көрүңүз, сизге шашылыш түрдө тиричилик техникасын жаңыртуу, үйдү оңдоп-түзөө же кымбат окуунун акысын төлөө үчүн каражат керек болуп калды. Бирок топтолгон акчаңыз жетиштүү эмес, а күтүү үчүн убактыңыз жок. Бул учурда сизге жардамга пландарыңызды азыр ишке ашыруу үчүн керектөө кредити келет.
Керектөө кредити кантип иштейт?
Керектөө кредити — банк тарабынан сизге жеке колдонуу үчүн карызга берилген акча. Банкка акчаны бөлүп бересиз, бирок колдонгондугуңуз үчүн үстүнө пайыздык акча кошуп төлөп бересиз. Бул ижарага алынган курал сыяктуу.
Мисалы, сиз досуңуздан бургулоо куралын сурап алдыңыз. Колдонуп бүткөндөн кийин куралды гана алып барып бербестен, кошумча шоколад ала барасыз. Бирок банк менен болгон учурда шоколаддын ордуна пайыздык төлөм болот.
Керектөө кредити максаттуу жана максаттуу эмес пайдаланууга берилиши мүмкүн. Биринчи учурда банк берген каражатты максаттуу колдонуп жатканыңызга көзөмөл жүргүзөт. Экинчи учурда каражатты каалаган максатка колдонсоңуз болот жана банкка акчаны кандай колдонуп жаткандыгыңызды билүү керек эмес.
Керектөө кредиттеринин түрлөрү
- Күрөөсүз кредит:
Таанышыңыздан карызга акча алган сыяктуу, бирок үстүнө бир аз акча кошуп бересиз. Мындай кредит күрөө талап кылбайт, бирок пайыздык чен бир аз жогору болушу мүмкүн. - Күрөөлүү кредит:
Бул учурда кепилдик катары баалуу бир нерсени калтырасыз. Мисалы, велосипедди ижарага алганда паспортту калтырып кеткен сыяктуу. Күрөө пайыздык ченди азайтууга жардам берет, ал эми банкта сиз каражатты кайтарып берээриңизге ишенич бар.
Кредит алууда эмнеге көңүл буруш керек?
- Пайыздык чен:
Кредит — акчаны ижарага алуу болсо, пайыздык чен — “ижаралык төлөм”. Пайыздык төлөм канчалык аз болсо, ошончолук сиз тараптын кошумча төлөм азыраак болот. - Кредиттин мөөнөтү:
Кыска мөөнөткө кредит алуу бир отуруп торт жегендей: бат бүтүрөсүз, бирок кыйналып калышыңыз мүмкүн. Узак мөөнөт болсо — ырахатты созууга барабар, бирок ашыкча төлөм көбүрөөк болушу мүмкүн. - Кошумча чыгаша:
Жашыруун комиссия жана сөзсүз камсыздандырууга көңүл буруңуз.
Жашоодон алынган мисал
Сабира жаңы ашканы тууралуу кыялданат. Айлык акысы жашоо-тиричиликке жетиштүү, бирок чоң чыгашага каралган эмес. Сабира 100 000 сом керектөө кредитин алайын деп чечти. Мөөнөтү 2 жыл, пайыздык чени — 26,99%. Бул шарт менен алынган кредиттин айлык төлөмү 5 438 сом болот. Бир айдан соң Сабира кыялын орундатып, тамакты жаңыланган ашканада бышырып жатат.
Кеңеш:
Кредит алардан мурда банктардын сунуштарын салыштырыңыз. Бул кадам смартфон сатып алууга окшош: өкүнүп калбоо үчүн ар бир мүнөздөмөгө көңүл буруу зарыл.
Керектөө кредитин акылдуулук менен колдонсоңуз сизге иштей турган курал. Эң башкысы — өзүңүздүн мүмкүнчүлүгүңүздү баалап, келишимди көңүл буруп окуңуз.
Компаньон Банкынан керектөө кредитин кантип алууга болот?
Компаньон Банкы керектөө кредиттеринин бир нече түрүн сунуштайт:
- 200 000 сомго чейинки онлайн-кредит
- бөлүп төлөө менен алынган товарлар, 200 000 сомго чейинки
- акча которууларга берилген кредиттер, 100 000 сомго чейин
- 200 000 сомго чейин 15 мүнөттө берилчү кредит
Кредит алуу үчүн бир нече жөнөкөй кадам аткаруу талап кылынат:
- Арыз тапшыруу: керектөө кредитин алуу үчүн тапшырыкты банктын сайтынан онлайн берсеңиз болот же онлайн-кредитти “Компаньон” тиркемесинен эле алсаңыз болот. Бул кадам сиздин убактыңызды кыйла үнөмдөйт. Ошондой эле арызды банктын кеңселеринен тапшырсаңыз болот.
- Керектүү документтерди даярдоо: документтердин тизмеси кредиттин түрүнө жана кредит алуучунун абалына байланыштуу болот. Адатта паспорт гана талап кылынат.
- Банктын чечимин күтүү. Тапшырыкты кароо 5 мүнөттөн көп убакытты талап кылбайт.
- Акчаңызды картага алуу же найталай түрдө банктын кеңселеринен алып кетүү.
Компаньон Банкы керектөө кредиттерин алууну жеңил жана ыңгайлуу кылууга аракет кылат. Бизге кайрылыңыз жана банктын адистери сизге ыңгайлуу жана жарактуу кредиттин түрүн тандоого жардам берет!
Бөлүшүү