kompanion-logo

    • Жеке кардаарлар учун
    • Жаңылыктар
  • QR-КОД АРКЫЛУУ КЫЗМАТТАР ЖАНА САТЫП АЛУУЛАР ҮЧҮН ЖҮРГҮЗҮҮ ЖЕ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ТӨЛӨМДӨРДҮ ЖӨНӨКӨЙЛӨТҮҮГӨ КАНДАЙ ЖАРДАМ БЕРЕТ

Банк жаңылыктары

QR-КОД АРКЫЛУУ КЫЗМАТТАР ЖАНА САТЫП АЛУУЛАР ҮЧҮН ЖҮРГҮЗҮҮ ЖЕ ТЕХНОЛОГИЯЛЫК ТӨЛӨМДӨРДҮ ЖӨНӨКӨЙЛӨТҮҮГӨ КАНДАЙ ЖАРДАМ БЕРЕТ

чын куран айы 15, 2024

Накталай эмес төлөм системасы өнүгүп жатат. Азыр, мисалы, жаныңызда банктык картаңыз жок болсо, анда телефон аркылуу төлөсөңүз болот. Учурда «QR» термини турмушта кеңири колдонула баштады. Гүлдөрдү жеткирүү, унаа жуудуруу же батирдин эсептерин төлөөдө штрих-кодду бир жолу колдонуп төлөп көргөндөн кийин, накталай акча менен төлөмөк тургай, “эскиче” пластикалык карта менен төлөөнү дагы каалабай каласыз. Кантип экенин билгиңиз келеби? Бул тууралуу айтып берели.

QR-код деген эмне?

QR (quick response, «тез жооп берүү») – штрих-кодду телефондун камерасынын жардамы менен тез таануу үчүн маалымат берген эки өлчөмдүү штрих-код.

Штрихтүү код товарлар же кызматтар үчүн төлөм жүргүзүү үчүн зарыл болгон төлөм маалыматтарын камтыйт. Ага банктык реквизиттерди, ошондой эле белгилүү бир сатып алуу жөнүндө маалыматты кошуп киргизип коюуга болот.

QR-кодду колдонуунун ыңгайлуулугу эменеде?

QR-код – акча каражаттарын төлөм терминалы жана карта аркылуу же NFC төлөмдөрүн колдоого алган телефон аркылуу электрондук түрдө которуунун бир түрү болгон альтернативдик ыкма болуп саналат. Мындай, контактсыз төлөө үчүн, QR-кодду смартфонуңуздун камерасы же банктын мобилдик тиркемеси аркылуу гана сканерден өткөрүү жетиштүү.

«QR’дын ыңгайлуулугу – Кыргызстандын бардык банктары жана төлөм уюмдары «QR-кодду стандартташтыруу» эрежелерине ылайык интеграцияланган. Бул деген учурда каалаган мобилдик тиркемеден, анын ичинде «Компаньон» жана «Компаньон Агент» тиркемелеринен QR-код аркылуу төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот дегенди билдирет. Кардарда бир нече финансылык инструменттердин (электрондук капчыктар, банктык карталар, мобилдик тиркемелер) болушу шарт эмес. Мисалы, дүкөндө «Стандарттык QR» орнотулат дагы, «Компаньон», «Элкарт Мобайл», «Элсом», «О!Акча» жана башка тиркемелердин колдонучуулары Кыргызстандын бардык соода түйүндөрүндө товарлар үчүн төлөмдөрдү жүргүзө алышат», – деп түшүндүрдү Компаньон Банкынын продакт-менеджери, Айпери Киязова.

Компаньон банкында QR-код менен кантип төлөсө болот?

«Компаньон» тиркемеси

QR-код боюнча башка адамга акча которуп жана өзүңүздүн QR-кодуңуз менен мобилдик тиркемеден Кыргызстан боюнча акча которууларды кабыл алсаңыз болот.

«Компаньон Агент» тиркемеси

Сатуучулар/кассирлер/операторлор «Компаньон Агент» тиркемесин орнотуп алышат –товарлар жана кызматтар үчүн төлөмдөр алардын QR-коду боюнча кабыл алынат. Агентик тиркеме бир гана «Компаньон» тиркемесинин QR-коддорун окуй алат. Ал эми «Компаньон» тиркемесинин жана башка банктардын тиркемелеринин кардарлары дүкөндөрдөгү товарлар үчүн «Компаньон Агент» QR-кодун сканерден өткөрүү аркылуу төлөй алышат.

Тиркемелер QR-коддорду кантип окуй алышарын кийинки таблицадан көрүңүз:

“Компаньон” МТсы

Алуучу

“Компанон Агент” МТсы

алуучу

Башка тиркемелер

алуучу

“Компаньон” МТсы

жөнөтүүчү

+

+

+

“Компанон Агент ” МТсы

жөнөтүүчү

+

-

-

Башка тиркемелер

жөнөтүүчү

+

+

+

QR-код менен кандай товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзүүгө болот?

Төмөнкүдөй сатып алуулар үчүн төлөмдөр жеткиликтүү:

  • супермаркеттерде жана интернет-дүкөндөрдө
  • кафелерде, ресторандарда, тез тамактануу түйүндөрүндө жана кофейняларда
  • гүлдөрдү жеткирүү буйрутмалары
  • уюлдук байланыш
  • коммуналдык кызматтар
  • такси
  • унаа жуудуруу жана унааларды тейлөө кызматтары
  • жеткирүү кызматтары
  • тренингдерди жана семинарларды өткөрүү
  • жеке билим берүү борборлорунун кызматтары
  • медициналык кызматтар
  • сулуулук салондорунун кызматтары
  • туристтик кызматтар
  • социалдык тармактар аркылуу кызматтарды илгерилетүү

Ал эми кардарга мындай төлөм ыкмасын колдонуу ыңгайлуубу?

Бул абдан ыңгайлуу, анткени төлөө үчүн банктык картанын же контактсыз төлөм функциясы колдоого алынган телефондун кереги жок. Смартфондо орнотулган банктык тиркеме жана телефондун камерасы жетиштүү.

Телефон QR-кодду дароо окуйт. Акча которуулар бир нече секунддун ичинде жүргүзүлүп, башка эсепке которулат. Ошол эле учурда, QR’да бардык маалыматтар алдын ала толтурулган болгондуктан, кардарга реквизиттерди өзүнчө киргизүүнүн кажети жок.

QR-код боюнча төлөөнүн жөнөкөй мисалы – супермаркетте сатып алуулар:

1.     Сатып алуучу дүкөндүн кассасына барат

2.     Кассир QR-кодду көрсөтөт

3.     Сатып алуучу өзүнүн мобилдик тиркемесинде «QR аркылуу тез которуулар» бөлүмүн ачып, телефону менен кодду сканерден өткөрөт

4.     Сумманы киргизүү баракчасы ачылат. Сатып алуучу сатып алуунун суммасын киргизип, төлөмдү ырастайт

Онлайн дүкөндөн деле ушундай эле ыкма менен сатып алууларды жасоого болот.

Мындай төлөм ыкмасы кандай мекемелер үчүн эң ылайыктуу?

QR-код менен төлөө төмөнкүдөй чакан жана орто ишкердиктер үчүн идеалдуу туура келет:

•соода түйүндөрү жана жеткирүү кызматтары (чакан азык-түлүк дүкөндөрү, гүл сатуучу салондор жана киосктор);

•кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө (кофейнялар, фитнес-клубдар, сулуулук салондору, унааларды тейлөө сервистери);

•онлайн-дүкөндөр. Мында, кардарга картанын маалыматтарын киргизүүнүн кажети жок, жөн гана кодду сканерден өткөрүү керек. Ал эми мекемелер комиссиялык чыгымдардан үнөмдөй алышат.

«Мекеме накталай эмес төлөмдөрдү терминал аркылуу кабыл ала алса дагы, QR-код менен төлөм системасына өтүү сунушунан баш тартпашы керек. Бул ыкма кардарга төлөм ыкмасын тандоодо эркиндик берсе, ишкерлерге банкка төлөгөн комиссиялык чыгашаларын үнөмдөөгө жардам берет, анткени QR-код боюнча төлөм жүргүзүү үчүн комиссиянын суммасы POS терминалдар үчүн комиссияларга караганда алда канча төмөн», – деп белгилейт Компаньон Банкынын агенттик тармагынын менеджери Кыял Ботошева.

QR-код аркылуу төлөөдө которуунун суммасы боюнча коюлган чектөөлөр кандай?

«Компаньон» тиркемеси аркылуу электрондуккапчыктан которууга коюлган чектөөлөр: минималдуу – 1 сом, максималдуу – 200 000 сомду түзөт. Айына – 600 000 сом. Картанын эсебинен: минималдуу – 20 сом, максималдуу – 150 000 сом. Айына которулуучу суммалр үчүн чектөө жок.

«Компаньон Агент» тиркемеси аркылуу чектөөлөр минималдуу 20 сомду, максималдуу – 25 000 сомду түзөт. Күнүмдүк чеги – 200 000 сом, айына – 600 000 сом.

QR-код аркылуу төлөөнү тандоодо азырынча комиссия алынбайт. Келечекте чакан суммадагы комиссиялар киргизилиши мүмкүн.

QR-код аркылуу төлөгөндө, акчаны кайра кайтарып алса болобу?

Система аркылуу жокко чыгаруу функциясы каралган эмес. Төлөмдү кайтаруу кардардын арызы боюнча, соода түйүнү менен териштирүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин гана аткарылат.

QR-код аркылуу төлөө эмне үчүн пайдалуу жана коопсуз?

QR-код боюнча төлөм жүргүзүүнүн негизги артыкчылыгы – анын жөнөкөйлүгү, кошумча төлөм жабдууларынын кереги жок жана комиссиялар төлөнбөйт.

Төлөмдөр маалыматтык коопсуздукту сактоо боюнча бардык талаптарга жооп берген банктык маалымат системалары аркылуу жүргүзүлөт. Мындан тышкары, төлөм үч факторлуу аутентификация аркылуу гана ачылган банктын мобилдик тиркемеси аркылуу жүргүзүлөт.

QR-код аркылуу төлөөнүн кемчиликтери барбы?

QR-код аркылуу төлөм смартфондун камерасы жок болсо жана анда банктын тиркемеси орнотулбаган болсо, ишебейт. Сканерден өткөрүлгөн код аркылуу маалыматтарды өткөрүп берүү үчүн, мобилдик Интернет же Wi-Fi болушу керек.

Бардык эле колдонуучулар мобилдик тиркемелерди жакшы колдонгонду биле беришпейт. Ошондуктан, айрым учурларда сатуучунун же банктын техникалык бөлүмүнүн адистеринен жардам керек болушу мүмкүн. QR-код аркылуу төлөм жеткиликтүү болгон түйүндөр Кыргызстанда азырынча өтө көп эмес. Бирок мындай түрдөгү төлөмдөрдүн таралуу темпи күн сайын өсүп, тез жайылууда.

Маанилүү маалымат! Интернеттеги QR-код аркылуу өткөндө, шылуундардын сайттарына кирип алуу же зыяндуу программаларды жүктөп алуу коркунучу бар.

Кызыктуу маалымат

QR-кодду Toyota компаниясынын туунду компаниясы – Denso Wave фирмасы ойлоп чыгарган. Бул технология ал фирманын буйругу менен түзүлгөн. Штрих-код боюнча документациялоо мүмкүн болушунча кеңири тармакта колдонулушу үчүн, ал бардык каалоочулар үчүн жеткиликтүү кылынган.

Кара жана ак түстүү чарчы аянтта каалаган маалыматты: сүрөттөр, музыка, тексттик файлдар, веб-сайттын шилтемеси же визиттик картаны шифрлеп коюуга болот. Эң кеңири QR-код 15 килобайтка чейинки маалыматты сактоого жөндөмдүү, бирок, адатта, ага 3 КБ чейин маалымат салынат.

QR-коддун 30% чейинки бөлүгү өчүп же көрүнбөй калса дагы, коддолгон маалыматты туура окууга болот.

Толук маалыматты Компаньон Банкынын www.kompanion.kg сайтынан, 8800 номери аркылуу (уюлдук операторлордон чалуулар акысыз) Кардарларды колдоо кызматынан же Банктын кеңселеринен алууга болот.

Бөлүшүү