- Жеке кардаарлар учун
- Жаңылыктар
- «ЖАШЫЛ» ДОЛБООРЛОР МЕНЕН ИШТӨӨДӨ ЖЕТИШКЕН КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ ҮЧҮН БАНКТЫН КРЕДИТТИК АДИСТЕРИН СЫЙЛОО
Банк жаңылыктары
«ЖАШЫЛ» ДОЛБООРЛОР МЕНЕН ИШТӨӨДӨ ЖЕТИШКЕН КӨРСӨТКҮЧТӨРҮ ҮЧҮН БАНКТЫН КРЕДИТТИК АДИСТЕРИН СЫЙЛОО
Экологиялык принциптерди жетекчиликке алуу менен Компаньон Банкы KyrSEFF III туруктуу энергияны каржылоо программасына активдүү катышып, турак жайларда жана коммерциялык уюмдарда энергияны, ресурстарды үнөмдөө жана жаңылануучу энергия булактары боюнча долбоорлор үчүн жеңилдетилген каржылоону сунуштайт.
2024-жылдын 21-майында Кыргыз Республикасында энергетикалык жана ресурстук эффективдүүлүктү жогорулатуу боюнча “жашыл” долбоорлор менен иштөөдө жетишкен мыкты көрсөткүчтөрү үчүн кредиттик адистердин арасында өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча сыйлыктарды тапшыруу аземи болуп өттү.
Эң жакшы жыйынтыкты Токмок филиалынын башкы адиси Каламгүл Ташкеева көрсөтүп, 1-орунга ээ болуп, iPhone 15 Pro (256 ГБ) телефонун утуп алды. Экинчи орунду Бишкек филиалынын башкы адиси Айдай Райымбекова ээлеп, электроскутер менен сыйланды. Үчүнчү орунду ээлеген Исфана филиалынын башкы адиси Абдираим Касымбековго аба рекуператору ыйгарылды.
Компаньон Банкы жашыл кредиттердин маанилүүлүгүн түшүнөт жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган долбоорлорду активдүү колдоого умтулат. Биргеликте жаркын келечек түзөбүз!
KyrSEFF программасы жөнүндө
Кыргызстанда жашыл экономиканы каржылоо программасы (KyrSEFF III) турак жайларда жана ишканаларда заманбап технологияларды колдонууну, ошондой эле энергияны жана сууну үнөмдөө, калдыктарды утилизациялоо үчүн жаңылануучу энергия булактарын ишке киргизүүнү колдоонун инвестициялык механизми болуп саналат. KyrSEFF III республиканын бардык аймактарында жергиликтүү өнөктөш банктардын катышуусунда ишке ашырылууда. Толугураак маалымат www.ebrdgeff.com сайтында жеткиликтүү.
Биргелешип, жаркын келечекке карай умтулайлы!
Бөлүшүү